www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Молдованын биринчи президенти Мирча Снегур каза болду. Бул тууралуу мурдагы вице-премьер-министр Константин Тампиза Facebook баракчасы аркылуу кабарлады.

"13-сентябрда саат 23:30да Молдова Республикасынын президенти Мирча Снегур айыккыс дарттан каза болду", — деп жазган Снегур менен бирге иштеген мамлекеттик ишмер.

Мирча Снегур 1940-жылы 17-январда Трифанешты айылында туулган. 1961-жылы Кишинев айыл чарба институтун бүтүргөн. Андан кийин агроном, колхоздун төрагасы болуп иштеген, республиканын түндүгүндөгү илимий-өндүрүштүк ишканаларды жетектеген.

1991-жылдын 8-декабрында Снегур шайлоодон утуп чыгып, президент болуп шайланган. Жалгыз талапкер катары ал 98,17% добуш алган.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости