www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россияга иш сапар менен барган Александр Лукашенконун Владимир Путин менен жолугушуусу пландалып жатат. Бул тууралуу “Пул Первого” телеграм-каналы кабарлайт.

"Сапардын борбордук бөлүгүн Россиянын президенти Владимир Путин менен 15-сентябрда боло турган сүйлөшүүлөр түзөт. Мамлекет башчыларынын жолугушуусу графикке ылайык пландаштырылган", — деп жазат басылма.

Путин менен Лукашенко аймактык көйгөйлөрдү жана эл аралык күн тартибин, ошондой эле экономикадагы, атап айтканда импортту алмаштыруу жаатындагы биргелешкен милдеттерди талкуулашат.

Белгилей кетсек, Кремль бул сапарды расмий жарыялай элек.

Акыркы жолу Путин менен Лукашенконун сүйлөшүүсү 30-августта тактап айтканда, орус президенти Беларусь өлкөсүнүн лидеринин туулган күнү менен куттуктап байланышканда болгон. Өлкө башчылары 23-июлда Петербургдагы сарайлардын биринен жолугушуп, эртеси Валаам аралына барышкан.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости