www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы бийликтеги аткаминерлер чоң чычып койсо деле пиар кылып, элдин кулагына лапша илгенди катуу өздөштүрүштү. Эптеп эле кооз сүйлөшүп, томуктай нерсени тоодой кылып көбүртүп, жалаң курсак тойгузбаган курулай демогогия өтүп алышты. 

Мына Соцфонддун жетекчиси Бактияр Алиев "быйыл Соцфонд мамлекеттик казынадан бир сом да албай, камсыздандыруу төгүмдөрүнун эсебинен пенсияны 38 пайызга көтөрүп жатат" оо-уу мындай эзели болгон эмес кок-уууй деген оодаларды фейсбукка жаздырып мактатып жатат.

Ошондо пенсияга болгону 500 сом кошулуп жатыптыр. Азыр бул суммага бир кг эт келбейт. Инфляция өсүп, кымбатчылык асманды чапчып бир кг эттин баасы 600 сомго чыгып жатканда, 500 сом кошуп жатабыз деп мактанган жоруктарын көрүп, элди шылдың кылып жатышабы деп ойлойсуң...

Мейли, жоктон көрө жогору. Такыр эч нерсе кошпой койгондон көрө, себелеп пенсияны көбөйтүп жатабыз дегендерине шүгүр. Бирок, ошону дагы сөзсүз ураалатып мактатуу керекпи? Мындай иштер буга чейинки бийликтин тушунда деле болуп, пенсияга аз дегенде 500 сом, алды 5 миң сомго чейин кошулуп келген. Кызыгы, эч бири муну маанилүү жаңылык катары жар салып, оода ырын эч кимге ырдаткан эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости