www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулганын расмий визитинин алкагында бүгүн, 12-июнда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен расмий жолугушуу аземи болду.
«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында чет элдик мамлекеттердин башчыларынын жана делегацияларынын салтанаттуу жолугушуусун өткөрүү үчүн «Ак-Кеме» салтанат жайында Кыргызстандын жана Монголиянын мамлекеттик желектери илинип, Ардактуу кароол тизилген.
Мамлекет башчылары Ардактуу кароолду кыдырып чыгышты жана расмий делегациялардын мүчөлөрү тааныштырылды. Андан соң учурашуу аземинен кийин Кыргызстандын жана Монголиянын Президенттери кеңири курамдагы жолугушууга багыт алышты.
Кеңири курамдагы жолугушуунун жыйынтыгы боюнча эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.
Ошондой эле Кыргызстанга расмий визиттин алкагында Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулганын Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушуусу күтүлүүдө.
Мындан тышкары, Монголия Президентинин катышуусу менен Монголиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин ачылышы болот.
Монголия лидери “Көчмөндөр оюндарынын” 5-айлампасын Монголияда өткөрүүнү сунуштады.
Андан тышкары, Халтмаагийн Баттулга, Синьцзянь-Уйгур автономдуу округу менен Монголиянын бир айылынын байланыштырган темир жолу салынып жаткандыгын билдирди. Ал, Кыргызстанда “чыгыштын чоң соодасына чыгуу каалагассы ачылышы үчүн” аталган темир жолу кыргыз-кытай чек арасына чейин созулушун кааларын билдирди.
“Монголия менен Кыргызстандын соода жүргүзүүсү болгону 1 миллион долларды түзөт, биз соода – экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошуубуз керек”, - деп айтты отурумда Баттулга.
Булак: NazarNews.kg