www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Көмүрдүн кымбаттап кетишин токтотуу максатында өкмөттүн токтому чыккан. Аны аткаруу үчүн Салык кызматы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ИИМ жана Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин кызматкерлеринен турган жумушчу топ түзүлгөн.
Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги өлкөдө көмүрдүн баасы эмнеге кымбат сатылып жатканын түшүндүрдү.
"Кыргыз көмүр" ишканасы тарабынан көмүр жеткирүү кээде үзгүлтүккө учурап же кечиктирилип калгандыктан, бул рынокто баа бирдей болбой, айрымдар кымбаттатып жиберүүдө. Ошондой эле рынокто мыйзамсыз көмүр саткан жайлардын көп болушунан улам да баа туруктуу болбой өзгөрүп кетүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Мамлекеттик агенттик көмүрдүн кымбаттап кетишин токтотуу максатында өкмөттүн токтому чыкканын эскертип, аны аткаруу үчүн Салык кызматы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ИИМ жана Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин кызматкерлеринен турган жумушчу топ түзүлгөнүн белгиледи.
Алар өлкөнүн кайсы аймагында болбосун бааны көзөмөлдөп, көмүр саткан жайларды 90 күн бою текшерип турушат.
"10-ноябрга карата жумушчу топ өлкө боюнча 506 субъектини текшерген. Жыйынтыгында кара алтынды өз баасынан кымбат сатып жаткан 63 ишкерге эскертүү кагазы жазылып берилсе, 12сине айып пул салынды", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, мамагенттик бекиткен баага ылайык, ордо калаада кара алтындын баасы 4 500 сомдон ашпаш керек. Эгер көмүрдүн андан кымбат сатылып жатканын байкагандар болсо, агенттик жарыялаган телефондорго чалып кайрылса болот.
Булак: NazarNews.kg