www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москвада 23-февралда соңку 65 жылдагы эң суук аба ырайы күтүлүүдө. Бул тууралуу "Фобос" аба ырайын аныктоо борборунун адиси Евгений Тишковец билдиргенин чет элдик маалымат булактар жазышты.
Анын айтымында, термометрдин көрсөткүчү 27 градуска төмөн түшөрү болжолдонууда.
--"Быйыл 23-февралда адаттан тыш аяз түшөт. Мисалы, Москвада түнкүсүн 25-27 градус суук катталат. Облус боюнча 25-30 градус, чыгыш тарабында сууктун күчү 33 градуска жетери болжолдонот. Күндүз термометр -14 -16 градусту көрсөтөт", — деген Тишковец.
Мындай суук аба ырайы Москвада акыркы жолу 65 жыл мурда, 1956-жылы, катталып күчү 27,1 градусту түзгөн. Ал эми 1945-жылы -30,5 градус суук болуп, абсолюттук рекорд катталган.
Жогорку аномалиялуу атмосфералык басым ден соолугу аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу болгон жарандар үчүн терс таасир тийгизиши мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg