www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвадагы паркта башы кесилгендердин биринин сөөгү Кыргызстандын жаранына таандык экенин Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилиги тастыктады.

Буга чейин дипломатиялык өкүлчүлүк Россия Федерациясынын Тергөө комитетинин Москва шаары боюнча Головинский райондор аралык тергөө башкармалыгы менен байланышкан. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин жана анын апасынын катышуусунда адамдын өздүгүн аныктоо иш-чарасынын жыйынтыгында маркум Кыргызстандын 29 жаштагы жараны Б.у экени аныкталган. 

Элчилик тарабынан маркумдун жакындарына зарыл болгон консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүп, сөөктү мекенине жөнөтүү маселеси каралууда.

Эске салсак, 12-сентябрда Москванын түндүгүндөгү "Дружба" сейил багынан кийин Фестивальная көчөсүндөгү батирден башы кесилген жансыз денелер табылган. Маркумдар бири-биринен 800 метр алыстыкта ​​болгон. 

Аталган фактылар боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 1-бөлүмү “Киши өлтүрүү” боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Өзбекстандын 22 жаштагы жараны Хасанбой Махамаджонов кармалган. 

Ал Өзбекстандан Москвага 10-сентябрда учуп келген. Анын туруктуу иштеген жумушу жок. Шектүүнүн ата-энеси жок, агасынын колунда чоңойгон. Бала чагында зордук-зомбулук көрсөтүлбөгөнү айтылат.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости