www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чала блогер, чала аткаминер, мансапчыл, популист катары жумурай журтка таанымал Акжолтой Тукунов деген диндин ашкере жактооочусу бар. 

Бир туруп бээ десе, бир туруп төө деген, өйдүк-сөйдүк көз карашы менен келеке, шылдың болгонуна карабай, ыгы келсе да, келбесе дагы өзүнө тиешеси жок жерге мурдун тыгып, курулай популист болгонду жакшы көрөт. 

Мына ушул эргул Антимонополия кызматында эки ирээт директордун орун басары болуп иштеди. Иштин көзүн билбеген сабатсыздыгынын кесепетинен көчөдө ар кимге көмүр ташып, магазиндерди текшерем деп күбөлүгүн тарттырып жиберип, күлкүгө калып жүрүп иштен кеткен. 

Кыйла убактан бери бош. Мансапты сүйгөн неме, кызматка жетпей аябай жаман болуп жүргөн окшойт, президентке жолугуунун айла-амалын издеп муңкана баштады. Уят деген караманча жок окшойт, түз эле түш көрдүм, өзүңүзгө айтпасам болбойт деп обон созууда. 

Бул тууралуу Фейсбук баракчасына: "Урматтуу президент Садыр Жапаров үч түн катары менен сиз тууралуу  жакшы түш көрдүм, өзүңүзгө айтпасам болбойт", - деп жазды. Мына сага! Ушундай дагы пенде болот экен. Тобоо! Кемчонтой да мынчалык болбойт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости