www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада Кыргызстандын жаранынын жансыз денеси табылган факты боюнча:  алдын ала болжолдуу маалымат боюнча күч колдонулуп өлтүрүлгөн  белгилер  жок. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

2019-жылдын 23-май күнү айрым маалыматтык агенттиктерде “Москвадагы  батирде Кыргызстандын жаранынын жансыз денеси табылды” аталышындагы  материал жарыяланган. Анда, 21- май күнү россиянын борборундагы көп  кабаттуу турак-жайдын батиринде жашаган аял кишинин жансыз денесинин  табылгандыгы жана батирден баалуу буюмдар  жоголуп кеткендиги  маалымдалган.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия  Федерациясындагы Өкүлчүлүгү маалыматты тактоо максатында билдирет,  аталган факты боюнча Россиянын ИИМдин Пресненск району боюнча нөөмөт  бөлүгүнө 2019-жылдын 19-май күнү саат 23:10 чамасында билдирүү түшкөн. 

Полиция кызматкерлери келген учурда Кыргыз Республикасынын 1979-жылы  туулган К.З. аттуу тургунунун киши күч колдонулуп өлтүрүлгөн белгилери  жок жансыз денеси табылган. Ал Россиянын жараны болуп эсептелип, Тверь  облусунун Сонков районунун Полнино айылында катталган.

Жогорудагы факты боюнча Россиянын Тергөө комитетинин Москва шаары боюнча  Башкы тергөө башкармалыгынын Борбордук административдик округу боюнча  Пресненск  аймактар аралык Тергөө башкармалыгынын тергөө бөлүмү   тершерүү жүргүзүп жатат.  Тиешелүү экспертизалар, анын ичинде өлүмдүн  себептерин аныктоо боюнча медициналык эспертиза дайындалып, анын  корутундусу чыккандан кийин  чаралар көрүлөт.

Экспертизанын жыйынтыгы  кийинчерээк билинет. Азыркы учурда К.З. аттуунун туугандары “ЖҮК-200” кичи мекенине  жөнөтүштү. Аталган факты Кыргызстандын ИИМнин Россия  Федерациясындагы Өкүлчүлүгү көзөмөлүндө.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости