www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москванын Мытная көчөсүндөгү хостелде өрт чыгып, 1 адам каза болуп, 10 адам жаракат алды. Бул тууралуу 23-июлда ТАСС агенттиги тиешелүү кызматтарга шилтеме жасоо менен билдирди.
ЖМКлардын маалыматы боюнча, хостелде мигранттар мыйзамсыз жашап жатышкан.
«Өрттүн болжолдуу себеби көп сандагы туташтырылган шаймандардан улам электр тармагынын ашыкча жүктөлүшү болгон», -деп айтылат маалыматта.
Өрт өчүрүлгөндөн кийин батирден бир адамдын сөөгү табылган. Тогуз жабырлануучу ооруканага жеткирилип, аларга медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Жалпысынан бөлмөдө 17ден кем эмес орун болгон. Москванын Тергөө комитети этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.