www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 23-июлда Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен жолукту.
Маалыматка ылайык, анда негизинен мигранттарга байланыштуу маселелер талкууланды.
"Өзгөчө көңүл мигранттарды Орусияга жөнөтүү алдында даярдоо, Кыргызстандан чыгып кетүүдөн мурун сүрөткө тартуу, дактилоскопия жана медициналык кароодон өткөрүү жол-жоболорун өлкө ичинде уюштуруу мүмкүнчүлүгүнө бурулду", - деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары Орусиянын "кара тизмесиндеги" кыргыз жарандарынын укуктук абалын жөнгө салуу чараларын талкуулашты. Кыргыз тарап миграциялык борборлордогу узун кезектерден улам Ички иштер министрлигини аймактык бөлүмдөрүндө документ кабыл алуу үчүн кошумча терезелерди ачуу өтүнүчү менен кайрылды.
Кыргыз тарап мигранттардын балдарынын орус тилден тест тапшыруусун Кыргызстандагы окуу жайларда өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуш кылды.