www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 17-ноябрда, Кыргыз футболунун жетекчилиги премьер-лигага катышкан клубдардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынды Кыргызстандын футболдук союзунун президенти Камчыбек Ташиев баштап, ага КФС жана Кыргыз профессионалдык футбол лигасынын жетекчилери, ошондой эле өлкөнүн бир катар клубдарынын өкүлдөрү катышты.
Жолугушууда КФС быйылкы чемпионатка расмий түрдө жаңы команда кошулганын билдирди. Талас облусунан чыккан “Азия” футболдук клубу мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун демилгеси менен негизделип, өлкөнүн эң жогорку деңгээлдеги футбол мелдешине кошулду. Мунун натыйжасында биринчиликте ойной турган командалардын саны 16га жетти.
Учурда Таластын борбордук стадиону кайра курулуп жатат. Реконструкция бүткөндөн кийин ал “Азия” клубунун негизги аренасы болот деп күтүлүүдө.
Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, “Футболдук клуб Азия” ачык акционердик коому быйыл июнь айында каттоодон өткөн. Клубдун директору Айдаров Чынгыз Каныбекович, ал эми жалгыз негиздөөчү болуп Бабанов Өмүрбек Токтогулович болуп эсептелет.