www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Муфтият: Вакцина орозону бузбайт

Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын (муфтият) фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу коронавируска каршы эмдөө орозону бузбай турганын “Азаттык” радиосуна билдирди.

“Эгер кимде ким орозодо, оозу бек учурунда вакцина алам десе эч нерсе болбойт”.

Муфтияттын маалыматы боюнча, быйыл Рамазан айы болжолдуу 13-14-апрель күндөрү башталат.

Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталды. Алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, "Тез жардамда" иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделери айтылган.

Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлөт. Бул үчүн кытайлык SinoPharm компаниясы чыгарган вакцина колдонулууда. 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости