www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Алматы шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышып жатат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка таянсак, жыйында 14 маселе талкуулана турганы айтылат.
Анын ичинде Евразия экономикалык биримдигинин ички рыногундагы тоскоолдуктарды четтетүүгө, мурда берилген тапшырмаларды аткарууга, санариптик транспорттук коридорлордун экосистемасын калыптандырууга багытталган маселелер бар. Ошондой эле интеграциялык бирикмелердин алкагында алкоголдук рынокту жөнгө салуу келишиминин үстүндө иштөө, эл аралык эрежелерди жана тажрыйбаларды эске алуу менен атайын коргоочу, антидемпингдик жана компенсациялык чараларды колдонуу механизмдерин жакшыртуу иштери каралмакчы.
Булак:NazarNews.kg