www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Башкы прокуратурасы атасын өлтүрүүгө шектелип жаткан эже-сиңдилерден айыпты алып салды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура Тергөө комитетине эже-сиңди Хачатуряндарга тагылган айыпты киши өлтүрүүдөн коргонуу беренесине өзгөртүүнү милдеттендирди.  

Агенттикке кыздардын адвокаты Алексей Паршин билдиргендей, муну менен кыздардын кылмыш иши токтотулат. Анын сөзүнө караганда, "прокуратура кыздар атасынын зомбулугунан коргонуу укугуна ээ болчу деп чечти".

Эске салсак, 2018-жылы 57 жаштагы москвалык ишкер Михаил Хачатурян өз үйүндө бычакталып өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө байланыштуу ошол кездеги 17, 18 жана 19 жаштагы үч кызы камакка алынган. Тергөөдө Ангелина, Кристина жана Мария күнөөсүн мойнуна алып, мындай кылмышка атасы тынымсыз зомбулук көрсөтүп, күн көрсөтпөй койгонунан барганын айтышкан.

Тергөө комитети үч кызга «Алдын-ала уюшуп кылмышка баруу» беренеси боюнча иш козгогон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости