www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаеванын демилгеси жана Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен Чүй облусунун Сокулук районундагы Ат-Башы мектеп-лицейинде жергиликтүү казак боордоштор, ошондой эле жалпы эле казак маданияты менен таанышууну каалагандар үчүн казак тилканасы ачылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Боордош эки элдин маданиятынын окшоштугун эске салган, алардын ынтымагына данакер болгон бул иш-чаранын алкагында аталган тилканага боордош казак элинин адабий-көркөм баалуулуктарын чагылдырган түрдүү мазмундагы китептер, улуттук кийим-кечелер, улуттук музыкалык аспаптар коюлуп, заманбап компьютерлер менен жабдылган.
Саамалыкты ачуу үчүн келген казак элчиси байыртан коңшу жашап келген эки боордош элдин кылымдар кыйырын кырча басып келаткан тарых-таржымалы да, маданияты менен салт-санаасы да өтө жакын экенин баса белгилеп, мындан ары да эки тараптуу кызматташтык мамилелерин уланта берерин белгиледи.
Ал эми депутат Гүлшат Асылбаева өз эне тилин унутпай, көөнө улуттук маданиятын сактоо элет жергесинде жашаган казак боордоштор үчүн жакшы мүмкүнчүлүк экенин кошумчалап, ага колдоо көрсөткөн тараптарга ыраазычылыгын билдирди.
Булак: NazarNews.kg