www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалыматтык агенттиги коомдук ишмер, Мурат Жетимишбаевге кайрылып, КСДПнын саясий кеңешинин чечимин фракция аткарууга милдеттүүбү деген суроо узатты.
-Чыныгы парадокс мына ушул жерде. Эми кандай болгон күндө дагы мындай шартта "өгүз өлбөсүн, араба сынбасын",-деген тең салмактуу чечимге келүү мүмкүн болбой калгандыгы кашкайган чындык. Мурунку жагдай болгондо алеки заматта КСДП саясий кеңешинин чечиминин негизинде фракция лидери Иса Өмүркуловду тегирмендин ташына салып ийишип, аны "майдалап" салышып, жаңы фракция лидерин шайлап алышмак.
Бүгүнкү күндө акыбал жана кырдаал такыр башка. Ошондуктан КСДП саясий кеңеши жөн эле ачууга алдырып чечим чыгараардан мурун, партиянын азыркы абалын эске алып, күңгөй-тескейин жакшылап талдашса болмок. Анткени, мындай эмоцианалдуу чечим кайра эле ошол саясий кеңеш жана партия үчүн өтө опурталдуу болуп калышы толук мүмкүн.
Себеби, партия ичиндеги бөлүнүп жарылуучулук жагдай күчөп турганда, саясий кеңештин чыгарган ар кандай чечимдери суу кечпей, иш жүзүнө ашпай калаары толук мүмкүн. Ансыз да азыркы мезгилде КСДП фракциясы эки таштын ортосунда калып, таш тегеренбесе да чайналып турушат. Менин баамымда Иса Өмүркулөв жөн эле "жем" болуп кетип калчуу лидерлерден эмес. Күрөш эми кызыйт.
Булак: NazarNews.kg