www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Бир Бол" "коррупционерлердин" уюгубу?

«Бир бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов партиясына өңчөй «бакиевчи коррупционерлерди» толтуруп алганы шайлоо учурунан бери сөз болуп, сынга алынып келе жатат.

Бирок Сулайманов бир дың деп койгон жок. Тескерисинче бетин кызартпастан:

«Пирматов, Жапаров таза» дегенди айтып, айкырык салууда. Ошондо Башкы прокуратура Исхак Пирматовго «Кыргызнефтегаз» ишканасын жетектеп турганда 256 миллион сомду жеп койгону боюнча козгогон кылмыш иши ойдон чыгарлыган болот экен. Ал эми
Акылбек Жапаров болсо өзүн Канттагы МИС ишканасына Каржы министри болуп турган 200 миллион сом ссуда берип, аны кечиртип алганы боюнча УКМКнын кылмыш ишин козгогону да болбогон жорук болуп чыгат.

Сулаймановдун логикасына баракелде дебестен башка арга жок.

Мына «Бир бол» партиясынын дагы бир мүчөсү Аскарбек Шадиев Америкада качып жүрөт. Чудинов соттолуп мандатынан айрылды.

Мындан улам, «Бир бол» коррупционерлердин уюгубу дейсиң...

Булак: "Ачык саясат"
 

Последние новости