www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Саламатсызбы. "Сооронбай Жээнбеков, Курманбек Бакиевдин жолуна түштү", деп Алмазбек Атамбаев айтты Сиздин оюңуз кандай? 

--Атамбаев, - «Жээнбеков, Бакиевдин жолуна түшүп кетти деп кайра-кайра бышыктаганы ал, Бакиевдин кайсы жолун айтып жатканын чыны билбейт экенмин! Бирок канчалык деңгээлде аны сындабайлы, чындыгында экономиканы алга жылдыруу жана кадр саясаты боюнча Бакиевдин аракеттери Атамбаевдикинен алда канча жогору жана сапаттуу болчу. Эгерде Жээнбеков ушул кадар саясаты менен экономиканы көтөрүү боюнча Бакиевдин жолуна түшсө анын эмнеси жаман! Эстесеңер,  Атамбаев жаңы бийлике келгенде “көрөсүңөр, алты айдан кийин Кыргызстанды өнүккөн мамлекетке айлантабыз!”,- деген убада менен келген. Анан эмне болду? Азыр биз көрүп отургандай “кокуй” менен “алат” болду! Башканы кой, так өзү деле экономика жаатында так ошол Бакиевдин жолуна түшүп анын командасы же “баласы” негиздеп кеткен, Нарын каскадына ГЭС куруу, “Датка –Кемин” чордону, Бишкек ТЭЦ ремонттон өткүрүү проектилерин ишке ашырууга киришпеди беле. Жыйынтыгы кандай болгондугун жакшы билебиз. Бул боюнча: бир эле мисал Бишкеке ТЭЦ ремонтто боюнча Бакиевдин убагында макулдашылган 150 миллион долларга түзүлгөн проектини 286 миллион долларга чыгарып, болуп көрбөгөндөй жемкорлука жол бергендиги жалганбы? Чындыгында азыр меселенин баары Жээнбековдун кайсыл жолго түшүп, кимдин жолун туурап бара жатканында эмес! Маселе, Атамбаевдин кыялындагы “бийликти колдон чыгарбоо” проектиси ишке ашпай, азыркы Ажобуз мамлекетти башкарууда чечкиндүүлүк менен эч кимге көз карандысыз, жолду тандап алгандыгында. Орустар айткандай, “вот где собака зарыта!”. Кандай кылганда да, президент Жээнбеков эң туура жолду, жемкорлор менен, болгонда да мурунку кээ үзөңгүлөштөрүнө каршы катуу күрөштү тандап алгандыгында. Чындыгында биз дагы пенде катары, Президентке бул күрөш канчылык оор болуп жаткандыгын билип койгонубуз да абзел! Дагы баса белгилеп кете турган жагдай бул, мурунку кыргыздын саясатчы экс-жетекчилери менен ачык жолугушуп, ачык пикир алышканы керемет болду! Мына так ушундай кадамдардын аркасында Ажо азыр калың элдин колдоосуна ээ болуп турат. Эл Жээнбековдон дагы чечкиндүү кадамдарды күтүп үмүт артып турат! Сөздүн кыскасы; Хан бирөө болуп, Эл тирөөч болуп, берсек ынтымак ырыс сөзсүз келээрине ишенели!

--Рахмат!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости