www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коомдук телерадиокорпорациясынын (КТРК) айдоочулары бүгүн, 21-ноябрда иш таштады.
Бул тууралуу иш таштагандардын бири, коомдук каналдын айдоочусу Арсланбек Курманов "Азаттыкка" билдирди.
Нааразылык КТРКнын Автотранспорт цехинин жетекчиси Эрик Абакировдун иштен алынганына байланыштуу чыккан. Нааразы тарап каналдын жетекчилиги аны негизсиз эле жумуштан алганын айтып жатат:
- Эч кандай себеби жок эле эртең менен жумушка келсек цехке башка киши жетекчи болуп калыптыр. Биз аны менен иштеше албайбыз, бизге мурдагы башчыбыздын болгону жакшы деп, гаражда (Автотранспорт цехинде) иш таштадык. Жаңы жетекчини тааныбайбыз, билбейбиз. Мурдагы жетекчибиз менен тогуз жылдан бери жакшы иштешип атканбыз.
КТРКнын жетекчилиги айдоочулардын нааразылыгы тууралуу азырынча комментарий бере элек.
Мекемеде жалпы 48 айдоочу иштейт.
Булак: NazarNews.kg