www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурунку бийликтин оту менен кирип күлү менен чыгып, күн сайын күпүлдөп, гезит бетин бербеген Анвар Артыков чээнге кирген аюудай эле болду. Алмазбек Атамбаевге ким каршы сүйлөсө, туурадан арсылдап чыга калган ала допучан «акабиз» керектүү учурда Карамушкинага окшоп калкан боло албай, башын ала качып кетти.

Көрсө, Анвар ака «экс-ажого» алдакачан эле колун шилтеп, канына сиңген жөндөм менен бүгүнкү бийликтин көзүрлөрүн мейизге демделген «ашка» чакырып жүрүптүр. Карт бөрү кимдин тилин кантип табышты билет экен да. Эгер максаты ишке ашып калса, башка обондун негизинде кайрадан «даврага» түшкөнгө даярбы?

Булак: "Мантыш"

Последние новости