www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК тарабынан Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы жетекчиси З.Д.Т. (ред, — Зилалиев Дүйшөнбек Текшербекович )кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, З.Д.Т. 2017-жылы ыйгарым укуктарына таянып, пайдалуу кендери бар жерлерге лицензия берүү маселесин чечип берүүнү убада кылып Б.Р. аттуу жарандан 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алганы аныкталды. Бирок, З.Д.Т. айтылган убадаларын аткарган жана алган акча каражаттарын кайтарып берген эмес.
Тергөөнүн жүрүшүндө чогултулган далилдердин негизинде 2023-жылдын 15-мартында З.Д.Т. УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Белгилей кетсек, Зилалиев 2010-жылдан 2017-жылга чейинки мезгилде бир катар мамлекеттик кызматтарда: Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы, вице-премьер жана Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси болуп иштеген.
Булак: NazarNews.kg