www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кескелдирик»

Токтобүбү Оргалча

Кескелдириктерди «кес куйругуңду» деп койсо, куйругун кесип жиберип, житип жоголот. Оргалча болсо куйругун эч кеспейт. Ал Жанар Акаев менен депутаттыкты талашканда «катта» үй-бүлөнүн тиешеси бар деп чыккан. «Катта» үй-бүлөнүн алы аны депутат кылууга жетпей койду, бирок базарда алып сатарлык кылууга сыртынан көзөмөлдүк кылганга жетет экен. «Альянс» партиясы боюнча «Түшпөс хан» Шайлдабекова башында турган БШК 2021-жылы 15-декабрда Жанар Акаевди мурунтуктап ордуна Оргалчаны депутат кылган. Мандат албай калган Акаев сотко кайрылган, сот анын талабын 21-декабрда канааттандырган. Анда депутаттык антты Жанар Акаев берип Оргалча «оргалып» калган. Кытайлык Оргалчанын депутат болушу «Көп чатактын башы, Көкөтөйдүн ашындай» болгону баратып, оомат Жанар Акаевге өткөн. Оргалча кытайдан келгенинеби кээ бирөөлөр уйгур дешет. Мыйзам боюнча башка улуттун өкүлү депутат болгонго тыюу салынбайт. Бирок Кытайдан келген башка улуттун өкүлү депутат болсо өөн учурайт. Себеби, Оргалча «уйгур, кытай, шпион» дегендер чыгышты. Буга жооп кылып Оргалча таятасы көлдүн Талды-Суусунан экени айтылып чыкты. Ошондуктан көлдүк мамлекеттик башчысына жакын деп да чыгышты. Барынан кызыгы еврейлер эне жагынан уруу сүрүштүрүп келишет. Оргалчанын эне тарабы кыргыз экенин өзү жазды,ал эми ата-теги ким, ал тууралуу кеп да кылган жок. Эмне үчүн ата-тегин жазбайт?

«Крыша»

Динара Кутманова

Кыргызстанда эрке министр бар эле. Ал- экология министри Динара Кутманова болчу. Анын дарегине сын айтса, Ак үйдө "крышам" бар деп тоготпой койчу. «Крыша» «крышасынан» тайды. Президент Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Кутманова Динара Асиевна ээлеген кызматынан бошотулду.

«Циркач»

Иманалиев Кайрат
Бир убакта шейхтер менен жүрүп, кийин маданият министри болуп, сейфке бекинип алып, циркте мафия уюштурган. Маңкурттар Манаска тийишип жатканда «молчать» этип, министр болгондо жерди караган жүзү менен туризмди муунткусу келип, элди караган жүзү менен маданият демиш болуп, «маданият ычкырын» мойнуна тагып жүрдү. Кайрадан өз энчисине бүткөндөй маданият министрин «приватташтырып» жеке менчикке айлантып бараткандай бул жерге министрдин орунбасары  болгон Иманалиев Кайратка «Циркач» аты коюлган.

«Баш кесер»

Жаныбек Абиров

Социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун мушташып жаткан видеосу тараган. Жабырлануучу Октябрь РИИБине ден соолугуна залал келтиргендерге чара көрүп берүүсүн суранып, арыз менен кайрылган жана Улуттук госпиталга баш мээнин жабык жаракаты диагнозу менен жаткырылган. Бул факты тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда бул окуянын бардык катышуучулары аныкталып, иликтөө иштери уланууда. Президент Жапаровго мушташуу жана «Баш кесер» тарабынан жарандын сабалуу фактысы тууралуу маалымат берилген. Ички иштер министрлигине болгон окуяны ар тараптуу иликтөө тапшырылган.

 «СекундоМЭР»

Эрмек Нургазиев

2021 жылы Бишкек шаарына жарым күн мэр болгон. «СекундоМЭР» бир катар адамдардан ири өлчөмдөгү акча алган, бирок жыйынтыгында ал убадасын аткарган эмес деп айыпталып камакта жатып чыкты.

«Тууганы эле болбосо,

Тумшукка койчу адам»-деп.

Камчысын турган үйүрүп,

«Катынды дайым сабайм» -деп.

 

Аял жакка жооп билет,

Кызыл камчы, сок билек.

Отуруп жатып, отурбай,

Ордунан кеткен котурдай.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

Последние новости