www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кеминде мурунку аялын сабап, зордуктаганга шектелген жаран кайрадан камакка алынды. Бул тууралуу Чүй облусунун жазык жана жарандык сот өндүрүшүнүн прокуратурасынын башчысы Нурлан Тагаев билдирди. 

Анын айтымында, Чүй облустук соту прокуратуранын кайрылуусун макул тапкан.
“Айыпталуучу Т.Т. сот отурумунда камакка алынды. Ал 9-декабрга чейин камакта болот”, -дейт Нурлан Тагаев. 

Эске салсак, октябрь айынын төртүнөн бешине караган түнү Айжаркын аттуу келин өзүнүн мурунку күйөөсү тарабынан сабалып, зордукталганын билдирген. Айтымында, Тимур Айжаркынды алдап көчөгө чыгарып, унаасына отургузуп Кеминдеги үйүнө алып барган. Ал жакта Айжаркынды сабап, зордуктаган. 

Милиция да аны кармабай жүрүп, коомчулукта резонанс жаралганда айласыз аны кармап, камоого аргасыз болушкан. Бирок, 6-ноябрда Кемин райондук соту кылмышка шектүүнүн баш коргоо чарасын өзгөртүп, аны үй камагына чыгарып жиберген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости