www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финпол) транспорт жана жол министрлигинин чоң даражадагы кызматкерлерине байланышкан коррупция ишин тергеп жатат.

Сөз 400 млн. сом тууралуу болууда. Транспорт министрлиги мурдатан эле өлкөдөгү коррупцияга белчесинен баткан эң чоң тармак экендигин бардыгы эле билет. Анын мурдагы министринин орун басары учурда курулуп жаткан түндүк-түштүк альтернативдик жолуна байланыштуу Италиялык компаниядан 500 миң АКШ долларын өндүрө коём деп колу күйүп калган, азыр абакта отурат томсоруп.

Бул жаңы иште түрк компаниясынын тиешеси бар. Ал тууралуу түрк компаниясынын мурдагы кызматкери көрсөтмө берип жатат. Анын айтымында бир гана долбоордон түрк подряддык (иш аткаруучу) компания жана транспорт, жол министрлиги 400 млн. сом шыпырып кетишкен.  Айрым фирмалардын жетекчилери транспорт жана жол министрлигинин кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген. Алар аткарыла турган иштен сырткаркы иштердин көлөмү тууралуу жасалма документтерди, бааларды жогорулатуу жолу менен тендерден ар кандай махинацияларды ишке ашыруу сыяктуу кыңыр иштер болгон.

Мындай жол менен мамлекетке 379 млн. сом зыян келтирилген. Финпол буга чейин айрым фирмалардын жетекчилерине карата сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Алардын бирөө сот тарабынан күнөөлүү деп табылган. Ал эми калганына эл аралык издөө жарыяланган. Транспорт министрлигинде мындай деңгээлдеги коррупция ишинен кийин министр деген айдалышы керек эле. Жөн гана айдалбай, кылмыш жоопкерчилигине тартылуусу абзел болчу. Бирок, биздин өлкөдө гана мурдунун учунда ушундай кыңыр иштер болуп жатса министр койкоюп эл аралап баса алат.

Д.Өсөров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости