www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун туулган күнү менен куттуктады.

«Сиздин туулган күнүңүздүн урматына арналган чын жүрөктөн чыккан калоо-тилектерди жана куттуктоолорду кабыл алыңыз.

Сиздин акылман жетекчилигиңиздин астында боордош Кыргызстан социалдык-экономикалык өнүгүүдө ишенимдүү ийгиликтерге жетишип, эл аралык аренада өзүнүн аброюн ырааттуу бекемдеп жатканын белгилөөгө кубанычтамын.

Биздин эки тараптуу жогорку деңгээлдеги мамилелердин бардык багыттары кыргыз-түркмөн өнөктөштүктүн жана мамлекеттер аралык мамилелердин мындан ары кеңейишине бекем негиз болуп кызмат кыла берерине ишенем», — деп белгиленген Түркмөнстан Президентинин куттуктоосунда.

Гурбангулы Бердымухамедов Сооронбай Жээнбековго чың ден соолук, бакты-таалай жана бакубатчылык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын элинин жыргалчылыгы үчүн бардык башталыштарда жана умтулууларда ийгиликтерди каалады.

Последние новости