www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Муссонинин ойношу

Диктаторлордун тагдыры ар кандай болуп бүтөт. Кээ бирөөлөр өз өлүмү менен өлсө, айрымдары киши колдуу болушкан. Ал эми италиялык диктатор Бенито Муссонини болсо өз мекендештеринин колунан ажал тапкан. Партизандар аны жөн гана атып салышпастан, денесин кескилеп, адам тааныгыс абалга жеткиришкен.

Италиядагы бүт бийликти өз колуна топтоп алган диктатор, экинчи дүйнөлүк согушта Гитлердин ишенимдүү союздашы катары Муссолини Албания менен Ливияда марионеткалык өкмөттөрдү дайындаган. Грецияда Корфаны басып алып, Лерос аралында согуштук-деңиз базасын түзгөн. 1936-жылы Эфиопияны багындырган соң Рим империясы кайра жаралганын жар салган. 1936-жылы Испаниядагы граждандык согушта франкисттердин таламын талашуу менен Муссодини Гитлерге жакындаша баштайт.

Германияга барып, Гитлер түзгөн немистердин согуштук машинасын көрүп келген соң фюрердин талантына таң берип, 1940-жылы 10-июнда Италия Германиянын создашы катары экинчи дүйнөлүк согушка аралашат. Италиялыктар Францияны басып алууга катышып, Түндүк Африкада согушушат, Грецияга кол салышат. Бирок,1943-жылы америкалык-британиялык аскерлер Сицилияга кирген кезде Муссолини колго түшүп, тоодогу мейманканага камалат.

Гитлердин буйругу боюнча Отто Скорценинин десантчылары аны туткундан бошотуп, Италиянын түндүгүнө алып келишет, Ошол жерден ал эки жыл марионеткалык Италия социалдык республикасына жетекчилик кылат. 1945-жылы ойношу Клара Петаччи экөө Швейцарияга качып баратышканда партизандар кармап алышат. 28-апрелде экөөнү, аларга кошуп дагы алты фашистти Мецегра кыштагында атып салышат.

Айрым маалыматтар боюнча партизандар жаш, сулуу Кларага боору ооруп, качып кетүүнү сунуш кылышкан. Бирок, Клара айым Муссонини менен кошо өлөөрүн айтып, атүгүл атып жатканда ойношун төшү менен октон калкалап калганга аракет жасаган. Партизандар алардын өлүгүн Миланга алып келишип, аянтка башын ылдый каратып асып коюшат. Клара демекчи, ал Муссолиниден отуз жаш кичүү болгон. Кичинекей кезинен аны жактырып, Бенитого кат артынан кат жаза баштайт.

1932-жылы 24-апрелде экөө кокусунан жолугуп калышат да, өзүнүн Рикардо Федеричи аттуу кудалашкан жигити, ал эми Муссолинин Ракела аттуу аялы бар экенине карабастан, диктаторго бүт өмүрлүк ойнош болот. Эмне дейбиз, сүйүүнүн көзү сокур деген ушул тура...

(Интернет булактардан)

Булак: "АЗИЯnews"

Последние новости