www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Раим Миллионго каршы чоң оюн...

Раим миллион боюнча жарыяланган компроматтык маалымат талкуу жаратып жатат. Анда шектүү жагдайлар арбын. Бирок да эң башкысы журналистке ким банктык маалыматтарды берди, кызыкдар тарап кимдер деген суроо да кызуу коюлуп жатат.

Биздин оюбузча, Раим Миллион боюнча журналистке төрт булак маалымат бериши ыктымал, - деп жазып чыкты белгилүү журналист Айданбек Акматов.

1) АША жана анын жан-жөкөрлөрү. Жээнбековдун шайлоо кампаниясында кимге канча каражат бөлүнгөнү тууралуу кассалык маалыматтарды сактап, анан Жээнбековго каршы компромат катары жарыялагандай эле, АША колундагы көптөгөн компроматтарды четинен чыгара башташы мүмкүн.

2) УКМКнын мурунку башчысы Абдил Сегизбаев. Сегизбаев кызматына жараша банк, бажы жана башка акчалуу тармактарды финансы агымдары боюнча маалымат менен камсыздалып турган. Демек анын колунда олуттуу компроматтык маалыматтар бар.

3) Финансылык полиция.

4) Чет өлкөлүк атайын кызматтар.

Ал эми пакеттерде таңгактап акча ташуу Кыргызстанда “челнок” коммерциясы башталгандан бери жүрүп келаткан нерсе. Муну менен Кыргызстандагы Кытай, Түркиядан жүк ташыган бардык эле компаниялар шугулданат.

Банктар аркылуу эмес, накталай акча ташуу өзбек коммерсанттары арасында да абдан көп кездешет. Андан биздин бандитттер да пайдаланып, Ошто бир нече жолу өзбек коммерсанттарына таандык миллиондорду карактап кетишкени белгилүү.

Мындай нерсе Кыргызстанзда биринчи жолу 2003-жылы Бишкек-Торугарт жолунда болгон. Анда бандиттер 21 коммерсантты өлтүрүп, акчаларын алып, автобусту сөөктөр менен кошо өрттөп жиберишкен. Автобустагы коммерсанттардын колунда ири суммада накталай акча болгон. Бандиттер миллиондогон долларды тоноп кетишкен...

Кыргызстандагы айрым коммерциялык банктар арам акчаларды адалдоо жагына өтүп алганы Бакиев доорунда даңаза болгон. Атамбаев учурунзда өрчүгөнү көрүнүп турат.

Бирок ишкерлер деле жаңы товар алуу үчүн банктар аркылуу чет өлкөлөргө акча которушат... Ошондуктан которуулар арам акчаны адалдоо максатында жасалып жатабы же кадимки эле ишкерлер жүргүзгөн финансылык операциябы? Муну адистер аныктоого тийиш...

Булак: "NazarNews.kg"

 

 

Последние новости