www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаевдин заманы гүлдөп,бүрдөп кемелине келип турганда, “кыйт” эткен адамдарды кытыгылап “караңгы үйгө” камап койчу. Башкаларды учуру келгенде айтарбыз, 2013 – жылы ноябрда “Кыргызгазын” 1 долларга баалаганы үчүн парламентте нааразычылыгын билдирген, парламенттик Кыргызстандын биринчи спикери Акматбек Келдибеков камакка алынат. 2014-жылдын жайдын башталышы менен Келдибековду колдогон Алай толкуп чыкканда Ош-Эркечтам жолун бууп салган. Алай аймагында эмне үчүн жол тосууга чыгышкан? Мунун башкы себеби, камакта жаткан Акматбек Келдибековдун бошотулушу болгон. Ал эми Акматбек мырзанын ал учурда ден соолугу начарлап, бир нече жолу оор операция жасатууга себеп болгон. Акматбек Келдибеков эмне себептен камалууга тийиш? Анын башкы себеби бийликтин “тамагына сайылган тикен” болуп калган. Жол тоскондорду жазага тартуу тууралуу Атамбаевге жагынгандар да болгон. Милиция кызматкерлери  жолду тоскондорго катуу ыдык көрсөткөн.  Акматбек Келдибековго Башкы прокуратура тарабынан мыйзамсыз дооматтар коюлган. Бирок:

  1. Эл аралык парламенттик уюмдардагы  укуктуу өкүлдөрүнүн ишин координациялоо маселелери боюнча ЖКнын 2010-жылдын 29-декабрындагы № 93-V  токтому бекитилген, бул өзгөчө Жобо менен жөнгө салынган. Мында республикалык бюджет ЖК мыйзам түрүндө үч окууда добуш берүү жолу менен кабыл алышып, ага президент кол койгон.
  2. Эл аралык парламенттик уюмдардагы  укуктуу өкүлдөрүнүн ишин координациялоо маселелери боюнча ЖКнын атайын өкүлчүлүгү тууралуу жобо бекитилген. Атайын өкүлдүн орду Москва шаары болуп дайындалган.
  3. Эл аралык парламенттик уюмдардагы  укуктуу өкүлдөрүнүн ишин координациялоо маселелери боюнча ЖКнын атайын өкүлчүлүгүнүн түзүмү жана штаттык расписаниеси мыйзамдуу бекитилген.

Албетте, тергөөчүлөрдүн бул тарапка көңүл бурбаганы, Акматбек Келдибековдун тарапташтарынын жол тосууга чыгууга мажбур кылышкан. Ошол мезгилде Ош аймагын кыдырып жүргөн президент Атамбаев, Алайда жол тосуп жаткандарды “Капырларга” теңеп жиберген.

Акматбек Келдибеков совет мезгилинде аскердик кызматын десанттын катарында өткөргөн, ал эми Атамбаев тарых музейине “меценаттык” кылганы элге белгилүү.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, “Назарньюс” 

Последние новости