www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Замбирек менен аткансып, заман тамтаңдап турганда элдин капчыгын өз капчыгындай көрүп, жакындарынын капчыгын калыңдатып тургандардын караандары көрүнүп турат? Ушундай заманда Кытыгыстан мамлекетинин өкмөт башчысы Муха А,букайса парламент жетекчиси Мастан Чумабекүп менен масилеттешип калат.

-Мастан Клоунбекүпич кимдин жакындарынын колдору май-талканда,меники же сиздикиби? Менин бажам Иванкадр Рысь  башкасын койолу "Ачык өкмөт" долбоорунун жетекчиси катары 5 000 евро алып келди.

-Менин жакыным... дейт Мастан Чумабекүп, аны сүйлөтпөй сөзүн бөлгөн Муха А,букайса:

– Бажамдын уулу Берназар Иванкадр уулу "КТ мобайл" уюмунда жетекчинин орун басары болуп 5000 доллар же 300 миң сом айлык алып келди. Бажамдын жубайы кайынэжем Таалайгул Сабырбекова "Эргэнэ" коомдук фонддун жетекчиси, жылына онкология оорусун алдын алуу боюнча өкмөттөн бир жарым миллион сом алып турат.

- Менин жакыным... дейт Мастан Чумабекүп, аны сүйлөтпөй сөзүн бөлгөн Муха А,букайса:

- Иним Азиз А,букайса Саламаттык сактоо министрлигинде баңги затты тейлөө тармагында иштейт өкмөт башчынын Анын күйөө баласы Урматбек Жакыпбеков . "Кыргызпочтасынын" биринчи орун басары, "КТ Мобайлды" түптөгөнгө чоң салым кошкон.   

-Менин жакыным... дейт Мастан Чумабекүп, аны сүйлөтпөй сөзүн бөлгөн Муха А,букайса:

Өкүл балам финполдо иштейт. Алло, алло дегенде эле, иштерди ары-бери кылып бүтүрүп салат. Таякелерим Жол транспорт министрлигинде иштейт. Башка бажаларым, досторум өкмөттүн аппаратында иштейт.

-Менин жакыным... дейт Мастан Чумабекүп, аны сүйлөтпөй сөзүн бөлгөн Муха А,букайса:

-Ал эми кызым Америкада окуйт, анын окуусуна бери жагы эле дегенде, 25 000 доллар жылына сарптайм. Айткандай кызымдын башы бош, ким чаап алса айлыгы майлуу чоң кызмат берем. Башка тууган-тушкан, жердештерим каякта иштейт экенин айтып отурсам, тизме эки метр болуп, чачыңар агарат. –дептир.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, “NazarNewz.kg”

Последние новости