www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздар байыркы эл. Жакында президент Бээжинге барган иш сапарында кыргыздын байыркы тарыхы 800 жылга узарды. Биздин заманга чейин 1000 жыл мурун Кытайды ата-бабалырыбыз титиретип туруптур. Бул тууралуу Кытайдын летописинде жазылып калыптыр. Буга сүйүнсөк болот. Арийне, азыркы күндө чабалдыгыбыздан кыргыз элин жарга такап турган маселе бар. Бул так ошол мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин учурундагы Кытайдан алган карыз. Кыргызстандын тышкы карызы 4,5 млрд. долларга жакын. Анын ичинде бир эле Кытай мамлекетине 1,7 млрд. доллар карызыбыз бар. 1992-жылдан 2018-жылдын декабрына чейин Кыргызстан башка мамлекеттерден жалпысынан 10 млрд 99 миллион доллар алган. Анын ичинен 2 миллион 854 миллиону грант болсо, ал эми 7 миллиард 244 миллиону насыя.

Ошолордун ичинен коомчулук кооптонгондой эле Кытайдын карызы биздин өлкө үчүн чоң коркунуч жаратып турат. Кыргызстан буга чейинки алган карыздарын өз убагында эле төлөп келе жатат. Коомчулукту кооптонткон карыз — бул соңку 4-5 жылдын ичинде Кытайдын экспорттук-импорттук банкынан алган 1 миллиард 700 миллион доллар. Аны төлөй келгенде 2 миллиард 200 миллиондон ашык акча болот. Бул карыз алынып жатканда саясый эмоция менен чечим чыгарылып калган. Анткени 2 млрд үчүн 20 жыл абдан аз убакыт.2029-жылдан баштап Кытай мамлекетине карызыбызды төлөп турушубуз керек. Буга чейин пайыздарын.төлөп турган кыргыздар андан кийин теринин бучкагын соробу?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, “NazarNews.kg”

Последние новости