www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы учурда мыйзам чыгарат деген депутаттардын акыбалын көрүп эле турабыз, көпчүлүгү “айдөшкө – чайдөш, кумганга - капкак”. Бо*тон мончок тапкандай болушуп, араңдан зорго бир маселе таап чыгышат.
Андан соң ошол тапкан мыйзамы: биринчи, экинчи, үчүнчү окууда каралыш керек деген шылтоолору бар. Бул көрүнүштү каяктан көчүрүп алышкан ал бекерпоздордун шылтоосу болгон мыйзамды, билбейсиң?
Албетте, булар үчүн депутаттык убагы өтсө болду да. Байкуштардын мыйзамдары үч окуудан өткөнчө, булардын депутаттык мөөнөтү да аяктап калат. Эптеп күн өткөрүш керек окшойт? "Бербестин ашы бышпас" болуп, ишке ашпаган мыйзамдарын элге угузуп, элдин кыжырын келтиришип эмне кылышат?
Путиндин бир сөзү менен, орустар фейктерди тыйуу боюнча мыйзамды: 1-2-3-окуусу жок эле кабыл алып, азыр фейктерди, орус армиясы тууралуү жалган сөздөрдү таркаткандарды, өз элинин кызыкчылыгына каршы иштегендерди кылмышына жараша: үч жылдан он беш жылга чейин эркинен ажырата турган мыйзам киргизип коюшту. Бүгүн иштеп жатат.
"Осурак адамга арпа нан шылтоо" дегендей, биздин депутаттар:- орустарда согуш жүрүп жатат да, ошон үчүн “экстренно” кабыл алышты- деп да айтыштары мүмкүн. Эмне, бир мыйзам кабыл алуу үчүн сөзсүз согуш болуш керекпи? Биздикилер фейктер тууралуу мыйзамды айтып чыгышып, ошол боюнча калды.
НПОчуларды, ар кандай чет элдик уюмдарды тыя турган мыйзамды баштагандарына он жыл болуп калды. Менимче ушул мыйзам жүз жолу окуудан өттү окшойт? Же бул мыйзамдын маанисин депутаттар түшүнүшпөй жатабы, же болбосо бул жерде да кандайдыр бир коррупциялык былыктар барбы, айтор он жылдан бери ишке ашпай келет. Сырттан келген миллиондордон батышчыл депутаттар да куру калбай жатса керек деген “смутное сомнение” пайда болот ар бир адамда.
Депутат Надира Нарматова он жылдан бери бул маселени көрөтүп чыгып, айта берип чарчады окшойт? Өлкөнүн тынчтыгы, элдин бейпил жашоосу үчүн бир окууда эле өткөрүп салышса болбойбу?
Анан дагы, президентибиз суук маарекеде мал союлбасын деди. Президент айттыбы, точка- союлбасын да. Ар кимиси ар нерсени тантырап, бул мыйзамды да аяк быякка чойгулап киришти. Айтпай унчукпай койсок, ушуну менен эстен чыгып, кагазда калып кете берет.
Адамдын чекесин жылыта турган мыйзамдарды чыгарып, депутат деген атын актап иштеп беришсе болбойбу.
Андан тышкары, кандайдыр бир окуяны иликтөө үчүн, ар дайым депутаттык комиссия түзө беришет. Ал комиссиясы да ошол ишти жылдап текшеришет. Комиссия түзүлдү дегенди угабыз, бир жылдан кийин топтолушуп комиссиянын ишинин жыйынтыгын талкууга алып жатышкан болушат. Болду. Ошону менен токтойт. Андан ары эмне болгонун бир кудай, анан ошол тупицалардан түзүлгөн комиссия билет. Жыйынтыгы жок ошол бойдон калат.
Үч окуу деген шылтоолорун жыйыштырып, элге мыйзамдарын көрсөтүшсүн.
Антпегенде, жакында жетинчи чакырылыштын депутаттарына да ат кое турган мезгил келип калды окшойт. Атамбаевге барат окшойбуз ат коюп бер деп.
Булак: NazarNews.kg