www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Владимир Высоцкийдин ата-энесинин айтымында, сүрөтчү бала кезинде эле өзгөчө боорукерлиги жана кең пейилдиги менен айырмаланчу: ал оюнчуктарын короодогу балдарга таратып, атасы Германияда кызмат өтөп жүргөндө сатып берген велосипедин көчүп кетээрде бир немис балага берип салган.

Көптөгөн кесиптештеринин айтымында, өмүрүнүн акырына чейин ушул бойдон, ушул мүнөзү менен калган. Режиссер Николай Тамразов Высоцкий кээде акчаны жөн эле чачып ийгенин белгилейт. Тамразовдун айтканына Иван Дыховичный да кошулат. Дыховичныйдын айтымында, ВТО ресторанында Владимир Семеновичтин “атайын акча таратар күндөрү” болгон. Высоцкийден бекер беш сом алууну каалагандар анын столунун алдында узун кезекке туруп калышчу...

Владимир Семеновичтин жакын досу Валерий Янкловичтин айтымында, акын жубайы Марина Владиге саркеч тондорду жана зер буюмдарды сатып берчү. Акын өзүнөн да эчтеке аячу эмес. Мисалы, Федор Раззаков өзүнүн «Владимир Высоцкий жана Марина Влади. Бард жана француз айым» китебинде жазгандай, 1974-жылы Владимир Семенович бир эле учурда эки BMW унаасын сатып алган: бири боз, экинчиси агыш түстө.

Раззаковдун айтымында, ал кезде бир эле чет элдик унаа үчүн 8 миң рубль пошлина төлөнчү. Федор Раззаков Владимир Высоцкийдин пулу көп болгон дегенине карабастан, ал акчалар жогорудагыдай чыгымдардын баарына жетмек эмес. Ал киного сейрек тартылып, ырлары, пластинкалары көпкө чейин такыр чыкпай келген. Андыктан, 1980-жылы Высоцкий дүйнөдөн кайтканда анын артында чоң карыз калганына таңкалбасак деле болот.

Жазуучу жана сценарист Артур Макаровдун айтымында, Высоцкий көп сандуу тааныштарына жана досторуна 37 миң 800 рубль карыз болгон. Анын 5 миңин Владимир атактуу скульптор Зураб Церетелиден алган. Мындай маалыматты Юрий Сушко өзүнүн "Высоцкийдин достору" аттуу китебинде келтирет. Белгилей кетчү нерсе, Высоцкийдин досу Валерий Янкловичтин айтымында, 38 миң рублга чукул карыз негизинен Высоцкий Марина Владиге сатып берген кымбат баалуу белектердин эсебинен түзүлгөн.

Бирок, тарыхчы Борис Соколов бул версияны Янклович Владимир Семеновичтин баңгизатка эбегейсиз акча коротконун жашыруу үчүн ойлоп тапкан деген пикирде. “Высоцкийдин атына жамынгандар” китебинин автору Игорь Уразов да бард Белгороддо 3 жумалык концерт үчүн 11 миң рубль таап, ал акчаларды дароо эле өз ырахатына, анын ичинде баңгизат менен алкоголдук ичимдиктерге жумшаган деп жазат.

Бирок, Владимир Высоцкий акчаны кандай максатка жумшаган болбосун (жубайына кымбат буюмдарды сатып алуугабы, же баңгизаткабы), анын мураскерлери барддын карызын өз моюндарына алып, аны төлөөдөн баш тартышкан эмес. “Высоцкийдин достору” китебинин автору Юрий Сушконун айтымында, барддын кредиторлору менен эсептешүү милдетин Артур Макаров өзүнө алган.

Марина Влади Макаровго ишеним кат жазып берген, ал болсо Владимир Семеновичтин машиналарын сатып, маркум бересе болгондордун баарына карызын төлөгөн. Эң кызыгы, бир дагы адам берген карызынан баш тарткан эмес, алтургай айрымдары учурдан пайдаланып, карыздарын көбөйтүп доолашкан.

Мисалы, Макаровдун айтымында, бир жолу өзүн “Вадимдин адъютантымын» деп тааныштырган бирөө ага келип, “мага 5 миң эле бердиңиз, Высоцкий дагы 700 рубль карыз болчу” деген. “Владимир Высоцкий. Өлүмдөн кийинки жашоо» китебинин автору Виктор Бакиндин жазганына караганда, ырчыдан карызын доолабаган жалгыз адам – бул Зураб Церетели болгон.

Артур Макаровдун айтымында, Церетели "Грузияда досу каза болсо, анын үй-бүлөсүнө акча беришет, бирок, карыз доолашпайт" дечү экен. Кийинчерээк скульптор журналисттерге Высоцкий өлөр алдында аны менен Кино үйүндө кантип жолугушканын айтып берди.

Бард аны көрөр замат шашкалактап, “бир аз чыдай тур, акчаңы жакында кайтарып берем” дейт. Зураб Константинович “эсептешкен дос болмок беле” деп кол шилтеп коёт.

Бирок, Владимир Семенович “сөзсүз берем!” дейт көшөрүп. Церетелинин айтымында, Высоцкийде өзү карыз алган кишилердин узун тизмеси бар эле, Зураб Константинович ал тизменин эң башында турчу...

Булак: Азия News гезити

Последние новости