www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги 20 жаңы конушту жаратылыш газы менен камсыздоо маселесин иштеп чыгууну тапшырды. Бул туурасында ал облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн республикалык кеңешменин жүрүшүндө билдирди.
"Быйыл Бишкек шаарындагы 20 конушту жаратылыш газы менен камсыздоо маселесин иштеп чыгуу зарыл. Алдыга ушундай чоң максаттарды койбосок, ыш маселесин чече албайбыз. Улан-Батор шаарынан үлгү алып, жылытуунун экологиялык таза түрлөрүнө өтүшүбүз керек", - деди ал.
Экономика жана коммерция министрлигине, Финансы министрлигине жана Бишкек шаарынын мэриясына "Газпром" компаниясы менен тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү;
Транзиттик транспорттор шаардын аймагына кирбестен, борборду айланып өтүүсүн;
Катализаторлору жок эски унаалардын шаарда жүрүүсүнө тыюу салууну;
Бишкек шаарында таштандыларды кайра иштетүүчү заводду быйыл ишке киргизүүнү
Ошондой эле Бишкек шаардык мэриясына 1000 автобус сатып алуу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.
Булак: NazarNews.kg