www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Крым парламентинин башчысы Владимир Константинов РИА Новостиге Киев бийлиги жарым аралга чабуул жасоого аракет кылса аларга жооп иретинде сокку уруларын билдирген.
Буга чейин New York Times өз булактарына таянып, АКШ президенти Джо Байдендин администрациясы Киевге Крымдын аймагына сокку уруу үчүн кошумча күчтөр керектигин моюнга ала баштаганын жазган. Ал эми өз кезегинде Владимир Зеленский Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумда сөз сүйлөп жатып эгер Батыш Украинага оор техника берсе, Крымды кайтарып алууга аракет кыларын айткан.
"Таң калыштуу эч нерсе жок. Анткени каракчылык-каннибалдык ой жүгүртүү Киевге да, Вашингтонго да бирдей мүнөздүү. Бирок биз жооп кайтарганда нааразы болушпасын", — деди Константинов.
Анын айтымында, крымдыктар мамлекеттик төңкөрүштүн натыйжасында түзүлгөн Украина мамлекетинен биротоло бөлүнүп, тарыхый тандоо жасашты.
Булак: NazarNews.kg