www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто кылмыштуу топтордун кагылышуусу учурунда алардын кайсы бир мүчөсү 12-январда катуу сабалганы тууралуу видео эмгиче кызуу талкуу жаратууда. Айрым депутаттар – андайды элге корсөтпөш керек деп жаштардын психикасын коргогон сыяктуу. Бирок андай аракеттерди – деги эле криминалды көрсөтпөгүлө дегендей да түшүнсө болот.

 

Үй-бүлөлүк зомбулукту көрсөтүү да кээде мынчалык каршылыкка кабылбайт, Орусияда болсо – депутаттардын байлыгын көрсөтпөгүлө деген да чакырыктар бар. Бийлик аркылуу байыса болот, бирок аны элге көрсөтпөш керек. Кылмыш чөйрөсү менен дагы ошондой – криминал уюшуп алып, билгенин кылса болот, бирок аны көрсөтпөш керек.

Кээде депутаттар – мурдумду чукуп жатканымды видеого тартып алып, көрсөтүп койдуңар деп журналисттерге нааразы болот. Андай видеого кирип калбаш үчүн, жыйында отурганда жөн гана мурунду чукубаш керек. Ошондой эле, бийлик криминал менен жетиштүү деңгээлде күрөшсө, алар мынчалык наадандыкка жетпейт болчу жана журналисттер дагы эч нерсени көрсөтө алмак эмес.

Последние новости