www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Фамилиясын да тантырап кыргызча жаза албаган Шайлдабекованын шайлоо деп жүрүп эси ооду. Улукбек Карымшаков сыяктуу акча бергичтердин, Алымкадыр Бейшеналиев сыяктуу социалдык жактан жардам берүүчүлөрдүн канчоосу алмашты? Шайлдабекова болсо түбөлүккө кала берди. Ал депутаттарды жөлөгөндөн көрө, энелерди жөлөсө болмок. Эмне үчүн Орусияда «Энелик даңк» ордени менен эркектерди да сыйлайт? Союз убагында «Энелик даңк» ордени менен аялдар гана сыйлана турган, азыр деле Кыргызстанда аялзаты сыйланат. Бирок, аялзатын ушунча урматтаган кыргыз эркектери 8-март аялдардын күнүн жата калып, баса белгилесе, бир топ убакыттан бери 16-майды энелер күнүн белгилеп калдык.
Кылымдар боюу аялзатын баш көтөртпөй басып келе жаткан. Ислам динин бекем кармаган Сауд Арабиясында эми гана аялзатына машина айдоого,чет мамлекетке чыгууга укук, эс алуучу жайларга жалгыз барууга уруксат берилди. Буга чейин эркектин коштоосу жок аял бир метр да чыгып койчу эмес. Ал эми бизде кыйнап күйөөгө берилгендер деле эне болуп отуруп калат. ЮНИСЕФдин маалыматы боюнча Кыргызстанда 24 жашка чейинки кыздардын 13.8% кыйнап күйөөгө берилген.
Негизи аялзатына кеңири укук берүү 1944-жылы Швецияда башталган. Бүгүнкү күндөгү батышчылдардын үй-бүлө боюнча келечеги кандай? 1973-жылы Швецияда аялзатына биротоло кеңири укук беришти эле, бул жакта үй-бүлө деген «ирип-чирип» калды. Анткени, аялдар бала-баккандан эринишип «Швециялык үй-бүлө» түзө баштады. «Швециялык үй-бүлөдө» бир топ эркек, бир топ аял чогулуп тукум калтыруу максатында эмес, көңүл ачуу максатында үй-бүлө курушат. Кимдин аялы ким экенин билбейт, ошол күнү ким туш болсо ошону менен көңүл ачат. Мына эстетика!
Ал эми Орусияда да баланын төрөлүүсү азайып, демографиялык жарылуу болгону турат. Ошондуктан, Орусияда көп бала төрөгөндөргө материалдык кызыкчылыктар менен акча төлөмдөр көбөйүп баратат. Андан тышкары Орусияда эркектерге да «Энелик даңк» ордени менен сыйлай баштады. Ар кандай себептер менен аял жок, эркектер үй-бүлөдө баланы багып, өстүрүп жатышат. Балким аялы өлүп калгандыр, же ажырашып кеткендир, мындайлар болот. Эркектер деле «Энелик даңк» ордени менен сыйланышып, балдарды жуунтуп, киринтип, таптатынакай эле багып жатышат.
16-май энелердин күнүнө карата президент Садыр Жапаров өлкөнүн көп балалуу энелерин «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйлоо жөнүндө жарлыктарга кол койду. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 9 жана 12-беренелерине ылайык, жети жана андан көп баласы бар жана аларды жакшы тарбиялап жаткан 819 эне «Баатыр эне» ордени жана алты баласы бар жана аларды жакшы тарбиялап жаткан 516 эне «Эне даңкы» медалы менен сыйланышты.
Кыргыз элинде аялдарды бир нече түргө бөлгөн: Ошолордун угутун өндүргөн Саякбай Каралаев аксакал аялзатын көп түргө бөлгөнүн калтырып кетиптир:
Алар төмөнкүлөр:
«Ит ыркырак, мышык чыркырак» — үй ичи ыпырак менен сыпырак, бул киши үйүнө кирсе ыркырап, мышыктай эле чыркырап үнү басылбаган аял.
«Тыраң кара» — кудай ага өңдөн да, мүнөздөн да айтпаган.
«Сур жылан» — өңү кумсарган, жыландай муздак аял.
«Кесирлүү кандек» — үнү басылбаган кандектей ажаан.
«Айнек көз сары» — көзү айнектей жансыз.
«Үтүрөң тентек, үрпөк баш, түрү суук түйдөк чач» — уруш, чатакка жакын.
«Бир үйдү бириктирбес, эки үйдү эриктирбес» — ушак-айың - узун тил, урушсаң, койсоң өзүң бил.
«Баш койкоң» — сулуулангандан башканы билбеген.
«Суу мурун сөлпөк» — жүдөмүш деген мааниде.
«Акыл кара чач» — акылман деген мааниде.
«Ак көрпө жайыл, алма баш, алыс-жакын ылгабас» — мейман киргенде дасторкону белен.
«Ак пейил, жазы маңдай» — аты эле айтып тургандай.
«Жабылуу кара инген» — ичине сыр каткан көтөрүмдүү.
«Караңгыда жол тапкан» — билгич асыл жар.
Ошондой эле эпосто аркар төш, бото көз, ботодой бели ийилип, карагат көз, инжи тиштүү, байман күрүчтөй, кыйгач каш, оролгон кара чачы, колу күмүш зымындай деп чебер сүрөттөйт.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg