www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

25-майда Нарын облустук төрөт бөлүмүндө обсервацияда жаткан 22 аял экинчи анализинин жыйынтыгын күтпөй чыгып кетип, кайра ооруканага жаткырылды. Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы буга дарыгерлердин катачылыгы себеп болгонун журналисттерге кабарлады.

«Дарыгерлер тарабынан обсервацияда жаткандарга «чыгасыңар» деп айтылып калып, алар ооруканадан чыгып кетишиптир. Бирок медициналык алгоритм боюнча эч ким чыгарылбашы керек болчу. Себеби, алар экинчи ПЦР анализин күтүп жатышкан. Ооруканадан чыгып кеткендер блокпосттордон тосулуп, алып келинип кайра жаткырылды», - деди өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Назгүл Мүсүралиева. Ал бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын, юридикалык баа берилерин кошумчалады.

Нарын шаарында 14-майда жаңы төрөгөн сегиз келинден коронавирус чыккан. 23-майда облустун Ак-Талаа районунда төрөт үйүнөн чыгып барган келиндерден 18 адамга вирус жукканы белгилүү болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости