www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жазуучу Кеңешбек Айтикеев “адам баласы үмүт менен жашаш керек” деген темада билдирүү жазып чыкты.

“Адам баласы бул жарык дүйнөгө келгенден кийин үмүт менен жашайт. Үмүт үзүлгөндө ишеним жоголот, ишеним кеткенде жашоо-турмушуңда да эч кандай ийгиликке жетпейсиң, ийгилик болбогон жашоодо адам баласында өзүн-өзү кыйноо, ички дүйнөсүндө өзүн-өзү басынтуу башталат, жашоого болгон ишеним жоголот. Бул жерде (адамдын ички дүйнөсүндө) сыртынан сезилбеген, жашоо үчүн күрөш башталат, жашоонун каражаттары бар. Алар тамак-аш, кийим-кече, жашоого керектүү үй-жай, мал, жер ж.б. ушул каражаттардан айрыла баштаганда, адамдын ички дүйнөсүндө коркунуч пайда болот. Турмуштун кыйноосуна туш болуп, жакындарынан жардам күтөт, б.а. үмүттөнөт. Баарынан үмүтү үзүлгөндө өзүн-өзү асып аргасыз өмүр түгөнөт. Үмүт үзүлгөндө адам баласына жашоо кызыксыз, бул жарык дүйнөдө жашагысы келбейт. Демек, үмүт, жашоонун өмүрдүн туткасы, жашоонун ачкычы. Чарчап алсырап келип эшикти ачып, үйгө киргенде, ох, кудай берип кенен эс алайын деп киргениңе ыраазы болуп, жаның жай алып, көңүл тынып, эркин дем алып көшүлүп уйкуга кетесиң. Эшик жабык болсо, айлаң түгөнүп жаның жай таппай ички дүйнөңдө, эч кимге сезилбеген кыйноо сезими башталат. Үмүт менен жашоо да ушундай абалга окшош. Ошондуктан үмүт жашоонун ачкычы дейбиз. Үмүт үзүлгөндөгү жашоо, ачылбаган кулпка окшош. Бирок, баары бир үмүт үзүлбөйт, кимдир бирөө жардамга келээр деген үмүт сезими турат. Ушундай көзүң чачырап турганда сен билген, сен ишенген адамдын чыныгы адамдык сапатын, ак жүрөк экенин, боорукерлигин, адамгерчилигин, ырайымдуулугун же тескерининче, мээримсиздигин, ашынган ачкөздүгүн, өзүм гана жашашым керек деген ички дүйнөсүн (бир тууганың болсо да) жүрөгүң менен сезесиң, бирок жашоо үчүн баары бир кимдир бирөөдөн үмүттөнөсүң. Үзүлбөгөн үмүт деген ушул. Үмүт алга жетелейт, жашоого багыттайт. Үмүт адам баласына жашоо үчүн дем, күч, кубат берүүчү, эбегейсиз өтө чоң күч. Адамдар келечеги жөнүндө жакшы үмүттө жашаганда гана, үмүткө жетүү үчүн ак эмгектенгенде гана бакытка, атак-даңкка жетет. Бирок үмүттүн аткарылышына кимдир бирөөлөр себепчи болот. Жакшылыктан үмүт үзбөй жүргөн пейили жакшы пенделерге, ички дүйнөсү ак адамдарга, себепчилерди Алла Таала өзү жеткирет. “Кудай берерин унутпасын, Кудайдын көзү түз болсун” деген сөздүн философиялык мааниси ушунда. Ошондуктан пенделер адамдардан эмес, Кудайдан үмүт этип жашоого багыт алышыбыз керек. “Кудайдан үмүт кылсаң, жыргайсың, пендеден үмүт, кылсаң куурайсың” деген сөздүн да чындыгы бар. Адамдардын жакшылыгы, жардамы убактылуу, Алланын жардамы адам баласына түбөлүктүү, жер пенделердин баары бир Кудайдын жараткан балдарыбыз, Кудай өзү жасаган пенделерине өтө боорукердик менен мээрим төгүп, ырайымдуулук кылып, кең пейилдүүлүк, кечиримдүүлүк менен коргоп, колдоп мамиле жасайт. Бирок, Кудайдын пенделерден үмүтү бар. Ал үмүт, урпактарым ак

жолунан адашпаса экен, мен белекке берген акылынан адашып, кара жолго түшүп, кара күчкө алданбаса экен деп, түнү-күнү кирпигиңдин серп эткенин байкап карап турат. Кудай жан салып, акыл берип бир жаратып, жаша деп жаратылыш тартуулап, дем ал деп абаны, ич деп сууну, же деп жан-жаныбарларды, мөмө-жемишти, жашоолор көңүлдүү өтсүн деп музыкалуу таланттарды тартуулап, өз балдарындай камкордук көргөндөн кийин урпактар Алланын буйругун, үмүтүн аткарууга милдеттүүбүз. Адамдар Кудайдын жакшы жаша, тозокко келбей бейишке кел, бул жакта жаныңдын жашоо дүйнөсү бар деп “Куран” илимин бердим деген буйругун аткарбай, өз билгенибизди жасап кара күчтөргө алданып, ачкөздүккө, зордук-зомбулукка барып, дүнүйө кууп, арам тамакка алданып, Алланын каарына, азапка түшөбүз. О дүйнөгө жетпей эле, бул дүйнөнүн тозогуна, өзүбүздүн күнөөбүздөн жашоонун ак жолунан чыгып, адебибизден чыгып, Кудайыбызды унутуп тааныбай кеткенибизден түшөбүз, үмүтүбүз Кудайга эмес, дүнүйөгө, арамдыкка булгангандыктан Алла Тааланын аргасыздан берген азабына пенделер туш болобуз. Биздин ата-бабаларыбызды да Алла жараткан. Алардын жандары Ааламда Алланын амири менен жашап жатышат. Алардын жашаган дүйнөсүн илимде (сезимдер дүйнөсү – космическое сознание) деп атап коюшат. Аалам менен адамдардын байланышы жөнүндө азыр көп илимий далилдер бар. XXI кылым Кудайдын кудуретин адамдарга көрсөтүүчү кылым, бир Кудайга сыйынуу кылымы. Адамдардын дилин тазалоочу кылым. Ааламдан илим берип, адамдардын жүрөгүн тазалап Алланын ак жолуна салат. Адамдар Аллага көңүлдөрүн буруп, ыйманга бурулуп, Кудайдын пенделерине карата ак жолго багыттаган үмүтүн аткаруучу доору башталды. Жүрөк агарса, дил тазарса, Алланын буйругу менен, периштелер пенделерге жакындайт. Периште жакындаса, жол ачылат, бактылуу жашоо узарган өмүр болот. Периштеге жакындоо үчүн арам тамактан арылып, бир Кудайдан жакшылыкты үмүт этип, ак жолдон адашпай ата-бабанын арбагына куран багыштап, арбакты сыйлап, касиеттүү жерди, элди сыйлап жашоого урпактар милдеттүүбүз. Бул милдетти аткаруу бирөөлөр үчүн эмес, өзүңдүн гана жашоо турмушуңа жана келечектеги урпагыңа көп пайдасын тийгизет. Урпактарды адашуудан, азап-тозоктон, сактап калат.

Адам пендеси үмүт менен гана жашайт. Илимий көз караш менен караганда, үмүт - Аалам менен пендени байланыштырып турган, көзгө көрүнбөгөн өтө зор күч, илимдин жүрөгү үмүт, үмүт үзүлгөндө өмүр үзүлөт. Жашоонун жакшылыгы, кызыктуулугу көзгө көрүнбөй, жаратылыштын кооздугун сезгиң келбей, гүлгө оронгон жайлоонун салкын абасына көңүл бурбай, гүлдүү бактын арасында көңүл чөгүп, көз жаш төгүп, жашоодон үмүт үзүп жатып каласың. Бирок, үмүт алга жетелеп, келечектен үмүт этип, өзүңө-өзүң дем кубат берип, мен кайда баратам деп акылга келип, кайрат кылып, эркиңди бошотпой, жашоого көңүл бурсаң, Алла белек катары берген жаратылыш да, жашоо да, өмүр да, сен үчүн кызыктуудай көрүнөт, жашоо уланат, өмүр узарат. Ушундай азаптуу адашуу болгон учурда, түшүнө аян берип, ата-бабаңдын арбагы да, сага күч-кубат, дем берет, керек болсо, акыл айтып, жол көрсөтөт, жашоого, жакшылыкка багыт берет. Кээде өзүңдү карма, жашоонун да карама-каршылыгы бар деп жамандыктан белги берип, күн мурунтан өзүңө белги берип, эркиңди карма, баары Алланын буйругунан, жашоодо пенде алсыз дегендей, мээримин төгүп, пешенеңден сылап, жардам берет. Жашоодо көзгө көрүнгөн гана дүйнө эмес, көзгө көрүнбөгөн параллель дүйнөнүн бар экендигинин бир белгиси ошол, берилген белгилер өтө көп, дилине салат, жүрөгүнө сездирет, белгини бутуңа, көзүңө берет. Бирок, биз пенделер андай белгилерге көңүл бурбайбыз, маани бербейбиз. Айрыкча бийлик менен байлыкка жеткенде акырындап ата-бабанын арбагын, жараткан Алланы да унутуп көзүбүздү май басат. Качан гана Кудайдын каарына калып, азапка салганда көз ачылат. Кеч болот. Бирок, “Адашкандын айыбы жок, кайра ак жолго түшкөн соң” дегендей, акылга келсек, кең пейилдүү, мээримдүү, кечиримдүү Алла, өз баласы болгон пенделерин кечирет. Ошентип, баары пейилдин бузулганынан болот. “Байлык колдун кири, кезеги келгенде колдун кирин жуугандай жуулуп кетет” дейбиз. Бирок, колдун кирин бирөө келип жуубайт, өзүбүз жууп кетиребиз, ошондой эле Алла берген насипти (бийлик менен байлыкты), пейилди бузуп, өзүбүзгө берилген насипти тээп, жер баспай, адамдарды теңсинбей, керек болсо өлтүрүп, баарынан кол жууп калабыз. Алла Талаа байлык менен бийликти сыноо үчүн бергенин сезбейбиз. “Адамдын адамдык сапатын билгиң келсе,

бийлик, байлык берип сына” деген калкыбызда калыс айтылган накыл сөз бар. Байлык менен бийлик келерде да, кетерде да, ата-бабалар пенделерге түшүнө аян берип, белги берерин эч ким жокко чыгара албайт. Бул аткар деп арбактардын урпактарына карата болгон үмүтү. Аягында өз күнөөң өзүңдө деп үмүтүн аткарбагандагы берилген белгиси. Илимий жагына көңүл бурсак, жан, сезим, акыл, чексиз жашайт дегенди түшүндүрөт. Арбактар урпагынын бардык абалын сезип турат дегенди түшүндүрөт. Кээде өтө нааразы көз караш менен карап белги берет. Бул деген урпагына болгон үмүтүнүн аткарылбаганынын белгиси, ойлонуп акылына келип мени эстээр деген үмүтү. Кудайдын үмүтүн, арбактын үмүтүн аткаруу үчүн, Алладан ак тилек тилеп, арбакка куран окуп, ата-бабасын унутпай, ак жүрөк, ак дили менен куранда көрсөтүлгөн эрежелердин негизинде жашаган пенделердин бул дүйнөдө жашоосу да, учуп кеткен аркы дүйнөдө жашоосу да бактылуу, эң негизгиси, өзү менен бирге ак тилек, ак ою менен Ааламдагы сезимдер дүйнөсүнө, б.а. жандар дүйнөсүнө, алардын жашоолоруна ак ойдон чыккан ак нурлар аркылуу жардам берсе, Кудайга жаккан пенде болуп, анын урпактарына Алла көз кырын салып, уругун улантуучуларына да бактылуу жашоо тартуулайт. “Буудай наның болбосо, буудай сөзүң жок беле” деген Теңирчиликтен бери келе жаткан сөз бар эмеспи. “Жакшы сөз жан эргитет, жаман сөз жан кейитет” дегендей, пенделер дайым жандын азыгы болгон жакшы сөздүн ээси болуп жашоого милдеттүүбүз. Дагы эле илимде далилденгендей, жакшы сөздөн жанга жагымдуу ак энергия чыгат, жан ошондой ак энергия менен менен азыктанат. Ар бир сөздүн энергиясы бар, күчү бар, сөздүн энергиясы, көздүн энергиясы, адам баласынын жанына оң, тетири таасир берип турат. “Сөзү эле октой экен” деген сөз эле баардык ойду далилдеп турбайбы? Демек, жан өзү жашап жаткан денесинен жакшы сөздү үмүт этет. Эми ойлоп көрүңүз, Алла денеге белекке берген жан, сиздин денеңизди кыймылга келтирип, сиздин жашооңузга кызмат кылып жатса, сиз Алла берген акылды жанга жардам берүү үчүн пайдаланып жатасызбы? Жанды ак нур менен азыктандыруу үчүн, арам тамак жебей (ичкилик, баңгилик, арам эт ж. б.), арам жолго жүрбөй, арам ойлорду ойлобой (булардан кара нур чыгып,

кара күчтөрдү тамактандырып, семиртип, адамды кара жолго камчылатып адам өлтүрүп, ынтымак кетирип, ызы-чууну пайда кылат), жанга жагымдуу сөз сүйлөп, ак нур бере турган адал тамак жесек, ак пейил болсо, чыныгы милдетибизди, жандын үмүтүн аткарып, Кудай алдында, жан алдында, жүзүбүз жарык болуп, жашоо-турмушубуз жакшырып, урпактардын жашоосуна да көмөк көрсөтүп, бактылуу жашоосуна шарт түзмөкчүбүз. Эң негизгиси, бул дүйнөдө жашаган пенделер, Алла берген Жанды ак сактоого аракеттенип, ойдун баарын ошол жакка бурушубуз керек. Адамдын жаны кандай болсо, анын дили да ошондой, дили кандай болсо, тили да ошондой. “Улуттун тили” - анын дилинде, дил кеткенде тил кетет. Тил кеткенде оор жоготуу болот, акырындап салт жоголот, салтың жоголду деген сөз - калкың жоголду дегенди түшүндүрөт. Азыр дүйнөдө бир нече майда улуттар биринчи тилин жоготуп, анан дилин жоготуп, акырында көп улутка сиңип өздөрүн жоготту. Азыр дүйнөдө майда улуттарды сактоо маселеси пайда болду, “Кой аксагы менен жүз” деген сөздүн мааниси да өтө терең. Бир түстөгү малдар кооз көрүнбөйт, аласы карасы менен (аз болсо да) кооз, көрктүү көрүнөт. Кыргыздын түпкү теги - Тибет, Гималай (кыргыздардын Ким-Алай деген сөзү - тээтиги кырда, тоодо алайып турган ким? деген сөзүнөн келип чыккан), кыргыздар Тибеттен Индияга, Кытайга, Европага, Америкага, Жапон, Эне-Сай, б.а. дүйнөнүн бардык жагына тарап, доордон-доор өтүп, азыр бир ууч кыргыз калды”,-деп жазуучу жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости