www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Космикалык мейкиндикти иликтеген НАСА көлөмү Жерге окшош болгон Күн системасынан 40 жарык жылдык аралыкта турган жети жаңы планета табылганын кабарлады.

Байкалган планеталардын баары TRAPPIST-1 деп аталган жылдыз менен бир орбитада жайгашып, аларда суюуктук түрүндө суу болушу мүмкүн.

Ал эми үч планета TRAPPIST-1 айланасындагы теориялык жактан жашоо болушу мүмкүн делген тегеректи айланып жүрөт.

"Жердин экинчисин табуу бул маселе эмес, маселе качан дегенде»,-деди Вашингтондо өткөн басма сөз жыйынында НАСАнын илимий миссиясынын директор орун басары Томас Цурбюхен.

Жаңы ачылыш Nature журналына жарыяланды. Астрономдор бул экзопланеталарды космикалык "Спитцер" телескопу аркылуу табышканын маалымдашты. Табылган жети планета Жерден 39-40 жарык жылдык аралыкта.

"Эгерде ал жакка реактивдүү учак менен учсаң, анда саякат 40 млн жылга созулат»,-деп тушүндүрдү Балтимордогу Космосту иликтөө институтунун окумуштуусу Николь Льюис.

Учурда окумуштуулар тарабынан Жерге окшош делген ондогон планеталар табылган. Бирок окумуштуулар бул планеталарда жашоого мүмкүн экенин далилдей албай келишет.

Булак: Би-Би-Си

Последние новости