www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат сайтыбызга кызыктырган суроолорубузду бул ирет таланттуу ырчы мырза Султан Садыралиевге узатып, төмөндөгүдөй жоопторго ээ болдук.

- Султан, журналистикадагы практикамда сиздей кечигүүнү адатка айланткан инсанды кезиктире элекмин...

- Моюнга алышым керек кечигүүм чынында адатка айланып калганынан көп жыл болду. Бул адатымды жеңүүгө аракет кылам. Бирок, тап такыр жеңе албай койдум. Кайсы жерге болбосун өз убакытысында бара элекмин.

- Кыргыздын каада-салттарын толук билесизби?

- Албетте. Кыргыз болуп төрөлгөн соң кыргыз элинин каада-салттарын ар бирибиз билишибиз шарт деп эсептейм. Себеби, ар бир улут өзүнүн тили, дини, каада-салты менен айырмаланып турат. Жентек той, тушоо той, үйлөнүү той сыяктуу тойлордо кармалып келген каада-салттарды жакшы билем. Мындай тойлордун да көбүндө кызмат кылам. Ошондуктан, кандай жөрөлгөлөр болоорун көрүп, угуп жүрөм.

- Кыргыздын кайсы каада-салттарды күнүмдүк жашооңдо пайдаланасың?

- Дээрлик бардык каада-салтарды күнүмдүк жашоомдо пайдаланам деп айтуудан алысмын. “Бата менен эл, жамгыр менен жер көгөрөт” дегендей күнүмдүк болбосо да, айрым учурларда улуу инсандардан бата алып, элдин ыраазычылыгын алып турам.

- Тагдырдын буйругуна ишеним артасыңбы?

- Кээ бир учурда ишеним артсам, кээде ишеним артпайм. Себеби, айрым максаттар биз ойлогондой тез убакыттын ичинде ишке ашса, кээде ишке ашпай калат. Жашоо баары биз ойлогондой идеалдуу эмес. Бирок, идеалга жакындаштырып, позитив менен жашаш ар бирибиздин колубузда экенин жакшы билем. 

- Издегенге адашуу парз дегендей, жашоодо жаңылган учурларың болгонбу?

- Адашуудан Кудайым сактасын.

- Кыргыз жигиттерине кандай мүнөз таандык болушу керек?

- Кыргыздын мырзаларга тиешелүү сапаттардын баардыгына ээ болуу үчүн өзүмө-өзүм көз салып, контролдоп турам. Адамдарга зыян эмес, пайда тийгизгим келет. Кек сактап, бирөөлөр менен урушуп, душман күтпөйм. Жиним, ачуум тез келгени менен тез унутам. Жөнү жок майда барат нерселерге кайгырып, кейий бербейм. Мына ушул мен атап өткөн мүнөз кыргыздын жигиттерине таандык болот болуш керек деп билем.  

- Келечекте сизди саясаттан көрө алабызбы?

- Өлкөбүздө жана дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктарды угуп, көрүп анализ жасап, өзүмө жыйынтык чыгарып турам. Ал эми саясий тактикаларды изилдеп окуп, артынан сая түшүп кубалабайм. Кудайдын маңдайга жазганын көрөөрбүз. Жашоонун агымы кайсыл тармакка алып барып кошсо, ошол жактан турмушубузду улантып, ырыскыма ээ болоормун.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости