www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарында өткөн 2016-жылдын күзүндө шаардык кеңешке шайлоо аяктагандан бери мандат алып келген депутаттар бир мунасага келе алышпай, ушуга чейин же шаардык кеңештин төрагасын, же шаардын мэрин шайлап алышпай, эң негизгиси, шаардын бюджетин бекитип, шаардагы мекеме-ишканалардын иштөөсүнө жол ачып беришпей, саясий кызыкчылыктарын көздөп, бири-бири менен тирешип турушат.

Биздин добуштарыбызды алуу үчүн биз менен жолугушуу учурунда ар кайсы партиялардан келген талапкерлер “биз элдин кызыкчылыгын, шаардын кызыкчылыгын көздөйбүз”, “эл менен кеңешип иш жасайбыз” деп тилдеринен чаң чыккан. Шайлоо бүтүп, элдин добушун алышкандан кийин ошол партиялардын депутаттары (алар биздин депутаттар эмес экен, муну кийин түшүндүк) дароо башкача өзгөрүп, тондорун тескери кийишти. Өздөрүнүн саясий, партиялык кызыкчылыктарын жогору коюшуп, элдик кызыкчылыктар жолдо калып кетти.  

Буга ушуга чейин партиялар тил бириктирип, бир мунасага келип, кеңештин төрагасын, шаар мэрин шайлап ала алышпай жатканы далил болуп турат. Мандаттарга ээ болгон (баары 31 мандат) “Өнүгүү”, “Ата-Журт”, “Республика – Ата-Журт”, “Кыргызстан”, КСДП партиялары эки жаат болуп тирешип, төрага шайлаганга же мэр шайлаганга депутаттардын үчтөн эки добушу жетпей, бүткүл шаардагы иштер жылбай турат. Биринчи “Өнүгүү”, “Ата-Журт”, “Республика – Ата-Журт” партиялары көпчүлүк коалиция түзүшүп, “Биримдик” деп ат коюшуп, бирок калган партиялар сессияга келбегендиктен бул коалиция 16 гана добуш менен өз максатына жете албады. Кийин “Республика – Ата-Журт” партиясы коалициядан чыгып кетип, “Республика – Ата-Журт”, “Кыргызстан”, КСДП партиялары “Ынтымак” деп аталган көпчүлүк коалициясын түзүштү. Бирок, бул коалиция да максатына жетпей турат, себеби аларда да 16 эле добуш бар, максатка жетиш үчүн 21 добуш керек.

Бул жерде негизги талаш шаар мэринин кызмат ордуна байланыштуу болуп калды. “Өнүгүү” партиясы азыркы иштеп жаткан шаар мэри Салайдин Авазовдун кызматтан кетишин, анын ордуна ушул партияны шайлоо убагында акчасы менен каржылаган “Байэл” базарынын ээси Бактияр Шерматовдун мэр болушун каалайт. Ошондо “Ата-Журт” партиясына кеңештин төрагалыгы тиймекчи. Бирок, КСДП партиясы шаар мэрлигинен С. Авазовдун кетишин каалабайт, анын иштей беришин каалайт.

Бирок, партиялар шаар мэрлигине шаар элинен кимди ылайыктуу көрүшүн сурап да коюшкан жок. Шаардыктардын пикири аларга бир тыйын окшойт. Азыркы учурда Жалал-Абад шаарынын элинин зор көпчүлүгү учурда иштеп жаткан мэр С. Авазовдун иштей беришин каалашат. Себеби, ал иштеген эки жылдан ашык убакыт ичинде бул тажрыйбалуу жетекчи жергиликтүү бюджеттин эсебинен эле шаардагы курулуш иштерин күчөтүп, мурдагы жылдарга караганда 3-4 эсе көп иштер аткарылды. Шаардын шаарга окшоп калышына алып келди. Шаар бийлигинде жемекейлик, казынага кол салуу болбой калды. Шаардын көчөлөрү таптаза, кең, жарык болуп калды. Жолдор курулду, тротуарлар да көп курулду, парктар жакшырды, асма көпүрөлөр курулду, жолдогу тыгындар жок болду, шаар тартипке келип, шаар казынасы өстү, шаардыктардын маанайы көтөрүлдү. Шаардыктар мэрдин ишин жогору баалашып, баары ыраазы болуп жатышат. Биз шайлоо учурунда бардык партиялардын талапкерлерине ушул мэрди өз ишинде калтыргыла деп айтканбыз, алар калтырабыз дешкен.

Бирок, партиялар элди алдап кетишиптир. Муну бизге “Өнүгүү” партиясынан шайланган депутат Султан Тойгонбаев өз сөзү менен далилдеди. Ал шаардагы “Бишкек” мейманканасында өткөн иш-чарада депутаттар акча коротуп мандат алышканын (добушту сатып албаса, аларды ким шайламак эле), жеке өз максаттары бар экенин айтып, элдин добушун жөн эле сатып алышканын далилдептир. Эми элдин талабын эмес, өз максаттарын аткарышарын айтыптыр. Ал мындай дептир: “Ачыгын айтыш керек баарыбыз акча кетиргенбиз. Эми келише албай жатканыбызга мэрликке көрсөтүлүп жаткан адамдын талапкерлиги себеп болууда. КСДП Авазовдон башка талапкерин көрсөтсүн шайлап беребиз да, биригебиз”. Муну шаарда чыгып жаткан бир гезиттин кабарчысы интернетте жазып чыкты, элдин баары окуду.

Эмнеге “Өнүгүү” партиясы С. Авазовдон коркуп жатат? Себеби, ал киши күчтүү жетекчи экен, шаарды тез эле тартипке салып койду. Анын кандай иштегени Жалал-Абад эле эмес, бүт республика билип калды. Ал эми депутаттарга жумшак, депутаттар каякка айдаса кете берген, айтканын жасаган мэр керек. Ошону үчүн бул партия бүгүн базарком болуп жүргөн, кеччээ “Камаз” айдаган бир депутатын мэр кылгысы келип жатат. Эгер партиялар элдин кызыкчылыгын ойлосо, анда шаарды оңдоп жаткан, эл иштешин калап жаткан жетекчиге каршы чыкпай, аны колдошу керек эле. Андай болбой жатат.

Биз депутаттардын элди алдаганына нааразыбыз. Партиялар элди ойлобой эле, өз кызыкчылыктарын ойлошот, бийликти гана колго алгысы келишет, буга ишендик, себеби С. Тойгонбаевдин ачык айткан сөздөрү муну далилдеп турат. Биз Жалал-Абаддагы партияларга ишенбейбиз, аларга берген добуштарыбызга да нааразыбыз. Алданыппыз. Ошондуктан, биз шаардык кеңештерге партиялык тизме менен шайлоону жокко чыгарып, көп мандаттуу жөн гана шайлоо өткөрүү керектигин түшүндүк. Шаардын мэрин да шаар эли өзү шайлашы керек экен. Муну да түшүндүк.

Ошондуктан биз Жалал-Абад шаарынын азыркы депутаттарын таркатып, башка шайлоо өткөрүп, мындан кийин мыйзамды өзгөртүү менен шаар жетекчисин жалпы эл шайлай турган кылыш керектигине бардык кыргызстандыктарды чакырабыз. Биз бул абалды өзгөртүп, өз укугубузду өз колубузга алышыбыз керек. Мындай жооптуу ишти өз кызыкчылыгы менен иштеген партияларга бербеш керек.

Жалал-Абад шаарынын тургундары:

А. Орунбаев, А. Ахмедова, Т. Тургунбаев, Т. Мадалиев, И. Жамашев, М. Ахунова, М. Умурзаков, Х. Маматалиев, К. Акматов, А. Мансуралиев, Н. Эргешова, М. Маматсабыров, А. Иманханов, А. Тахирходжаев, А. Ташходжаев, М. Исманов, О. Юнусова, Л. Мамадалиев, Д. Айзаратов, М. Жоробаева, Д. Керимкулова, Н. Калыбекова, М. Заиров, З. Турдуева ж.б.

Булак: "NazarNews.kg"

 

Последние новости