www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айдоочусуз башкарылган унаалар чыкты

Соңку жылдарда айдоочусуз башкарылган унаа чыгаруу өндүрүшү күтүлбөгөндөй прогресс жаратты.

Автоунаа каалаган жерибизге өзү эле алып барып, биз болсо өз ишибиз менен алек болобуз деген эми жомок болбой калды окшойт. Албетте, автоунаалар өз алдынча болуп калганы менен транспорт каражатын толук автоматташтырууга али жете элекпиз. Азырынча айдоочунун катыштыгы баары бир зарыл болуп жатат.

Бирок бул жакында өзгөрөбү?

Bloomberg маалыматына караганда Ford компаниясы айдоочусуз башкарылган унааларды толугу менен автоматташтырууга өтүүгө камынууда. Анткени айдоочусуз башкарылган унааларды сыноо учурунда инженерлер зээрикенден рулда баратып уктап калып жатышат. Алар кыла турган эч нерсе жок деп жазды Bloomberg.

Ford компаниясы Би-би-Сиге бул айтылгандар чындыкка жакын, бирок, инженерлер сыноо учурунда уктап калат деген жалган деп билдирди.

Компаниянын билдирүүсүндө "толугу менен автоунаа көз карандысыз болбосо, ал айдоочуга күмөнсүнгөн коопсуздук сезимин пайда кылат' деп айтылат. Айрым бир кырдаалдарда автоматтык башкаруу системасы иштебей калса, анда айдоочу кырдаалды бат жөнгө салып кете албай калышы да мүмкүн. Ошондуктан Ford түз эле Автоунаа инженерлер коомунун (SAE) классификациясындагы төртүнчү деңгээлге өтүүнү эсепке алууда. Бул деген толук автоматташтырууга өтүү.

SAE - эл аралык уюму унааны автоматташтыруу системасынын классификациясын иштеп чыккан. Система алты баскычтан турат: эң төмөн деңгээли нөлдө айдоочу баарын өзү башкарып, ал эми бешинчи деңгээлинде автоунаа бардык кырдаалда өзүн өзү башкарат.

Январь айында Лас-Вегаста өткөн керектелүүчү электроника жарманкесинде Ford өкүлдөрү мага сыр чечишип сүйлөшкөн учурда толук автоматташтырылган унааны 2021-жылга чыгаруу планы тууралуу айтышты.

"Биз 2021-жылы чыгара турган автоунаа толук автоматташтырылып, анда руль дагы, педалдар дагы болбойт. Айдоочу такыр кийгилишпейт, унаа кандай кырдаал болсо да өзү билип, башкарылат',-деген компания өкүлү.

Ишеним болобу?

Ѳндүрүштүн башка дагы өкүлдөрү автоматташтыруу жараянындагы эволюция акырындык менен болот деп эсептешет. Айдоочулар автоунаанын өзүн өзү башкарганына толук ишенүү үчүн убакыт керек.

Google компаниясынын айдоочусуз башкарылган унаасы.Google компаниясынын айдоочусуз башкарылган унаасы.

Ѳткөн жылы мен "Тесла" унаасын автопилот режиминде айдадым. Бул нервти сыноонун укмуш учуру болду. Колдорум болбой эле рулга жабышып, буттар болсо педалдарга сунулуп кетип жатты. Мен бардык учурда башкарууну өз колума алгым келген сезимде болдум.

Технология өскөн сайын балким мындай сезимдерден арылып, өзүбүздү жеңил сезип каларбыз. Рулга умтулгандан көрө тамак жеп, болбосо кино көрүп дегендей. Бирок анда эгер унаага кийгилишүүгө туура келсе, биз бат кыймыл жасай албай калабыз. Ошондуктан Ford толук автоматташтырууга өтүүгө аракеттенип жаткан экен.

Бул канчалык реалдуу деген суроо бар. Мен бул тармакты жакшы билген британдык адис Пол Ньюман менен жолуктум. Анын болжолунда Ford компаниясы буга олуттуу киришип жатат. Деген менен Ньюман: "Бул эми белгилүү бир чектелген маршруттар боюнча, чектелген кызмат көрсөтүү болот',- деп эсептейт.

Азыр биз атаандаштык жараткан эки стратегияга ээбиз. Авто унааиндустриясынын көпчүлүгү автоматташтыруу үстүнөн иш алып барууда. Алар биздин автоунаа тууралуу жалпы түшүнүктөрүбүздүн баарын тез арада өзгөртөбүз деп үмүттөнүп жатышат.

Булак: "bbc.com"

Последние новости