www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы Орусия элчилигинин биринчи катчысы Виктор Пухов өлкөдөн чыгып кетти. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматкери Дарья Пахомова билдирди. Анын айтымында, Пуховду Орусия элчилигинин чечими менен мекенине жөнөтүшкөн. Дипломаттын качан чыгып кеткенин ачыктаган жок.

Мындан тышкары ал Toyota Land Cruiser Prado автоунаасын Виктор Пухов башкарганын дагы тастыктады. Буга чейин айрым маалымат каражаттары орус дипломаттары бараткан унаанын рулунда "Роснефть" ишканасынын баш директор орунбасары Игорь Рясный болгонун маалымдашкан.

16-февралда Бишкекте орус элчилигинин кызматкери Виктор Пухов бараткан Toyota Land Cruiser Prado унаасы менен «Мерседес-Спринтер» кагышкан. Катуу ылдамдыкта бараткан жолтандабас светофордун кызыл жарыгынан өтүп жүк ташуучу автоунааны сүзгөнү тартылган видео интернетке тараган.

Кырсыкта алган жараатынан «Мерседес-Спринтер» автоунаасынын айдоочусу Евгений Лексин көз жумган. Орус дипломаты да ооруканага түшкөн.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости