www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адам укуктарын коргоочу "Эмнести Интернешнл" эл аралык уюму дүйнөдө качкындарды саясий максатта колдонгон өлкөлөрдү адам укуктарын бузуп жатат деп айыптоодо. Докладда аталган уюм Дональд Трампты, Түркиянын лидерлерин, Венгрияны жана Филиппин өлкөлөрүн атап кеткен. Аталган уюмдун маалымат катчысы Салил Шети бул тууралуу билдирүү жасады:

“Былтыр “алар бизге каршы, демек, биз аларга каршыбыз” деген абдан зыяндуу саясий ураандын жылы болду. АКШ президенти Дональд Трамптын жыныстык теңсиздик тууралуу билдирүүсү болобу, Европанын лидерлеринин качкындардын укуктарына болгон кол салуусу болобу же Түркиянын президенти Эрдогандын ишке ашпай калган аскердик төңкөрүштөн кийин массалык кыйноолор болобу, булардын бардыгы адам укуктарына туура келбейт”, - деди Салил Шети.

Шети Дональд Трамптын иммиграцияга чектөө киргизүү демилгеси адам укуктарынын бузулушунун дагы бир мисалы деди.

“Трамптын мусулмандардын АКШга кирүүсүнө каршы жарлыгын ала турган болсок, бул адам укуктарын гана эмес, АКШнын Конституциясына туура келбей турганы анык. Ошондуктан бул демилге соттун чечими менен өтпөй калды. Экинчиден бул демилге адамгерчиликке да жатпайт, анткени жарлыкка кирген жети өлкөнүн ичинде согуштан жана куугунтуктоодон качкан, укуктары басмырланган адамдар дагы бар.Үчүнчүдөн, Трамп мындай демилгеси менен Американы коопсуз кыла албайт жана бул өлкөнүн өнүгүүсүнө алып келбейт, анткени статистика көрсөткөндөй мигранттардын жардамы менен экономика алдыга гана жылат”, - деди Салил Шети.

"Эмнести интернешнл" уюму андан тышкары Франциянын коопсуздукту көзөмөлдөө мыйзамдары дагы мусулмандардын укуктарына шайкеш келбей турганын белгиледи.

Булак: "bbc.com"

Последние новости