www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Хорезм облусунун Хивин аймагынын жашоочусу Хурсанд Бабажанов 20-февралда райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратынын алдында өзүнө өрт койгон. Ал жол эрежесин бузду деген жүйө менен автоунаасын  тартып алган Мамлекеттик жол коопсуздук кыймылынын кызматкерлеринин аракетине каршылык көрсөткөн. Хурсанд Бабажанов оор ахыбалда ооруканага жаткырылды.

Бабажановдун туугандары маалымдагандай, окуядан эки күн мурун жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлер анын машинасын камакка алып, унаа токтотуучу жайга жеткиришкен. Айдоочу эреже бузбаганын айтып, адилеттүүлүк издеп райондук ички иштер бөлүмүнө бензин куюлган бөтөлкө көтөрө келген. Сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыкпаган соң ал өзүнө жана машинасын алып кеткен милиция кызматкерине бензин чачкан. Ширенке чаккан учурда жол сакчысы качып кетүүгө үлгүргөн, айдоочу боло күйүк алган.

Хорезм облусунун ички иштер башкармалыгы окуяны тастыктап, бирок миниция кызматкерине өрт коюу болгонун четке какты. Башкармалыктан кабарлашкандай, Хурсанд Бабажанов мас абалында автоунаа башкарып бара жаткан маалда кармалып, айыпка жыгылган.

Дарыгерлердин айтымында, Хурсанд Бабажановдун абалы орто, дегенсинин 65-70 пайызы күйүккө чалдыккан. Өзүнө кол салгандыгы үчүн ага кылмыш иши козголду.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости