www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин «СДПК» фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина  Москвада өтүп жаткан парламенттер аралык  ассамблеяда туура эмес жерден чыгып  Кыргызстанда орус тилин дагы көтөрүү керектигин айтты. Бизде орус тили ошончолук эле өгөйлөнүп калдыбы? Эгер Карамушкина айткандай расмий тилге мамиле начар болсо  Карамушкина депутат болуп келбейт эле да. Сиздин пикир?

Негизи орус тили боюнча өзүбүздө да күнөө бар. Бир орус бар жерде он кыргыз тең орусча сүйлөп жатып калышат. Жогорку Кеңеште да абал ушундай. Мисалы атамекенчи депутат Никитенко деген неме кыргызча бир сөз билбейт. Билгиси да келбейт. Карамушкина бир аз аракет кылымыш этип жүрөт. Бирок анын орустардын Мамдумасына барып алып арызданганы туура эмес. Аны ээнбаш кылган өзүбүздө күнөө. Биринчи кыргыздар өзүбүздү өзүбүз баркташыбыз керек, ошондо гана кыргыз улутуна болгон сый калыптанат. Бизде орус туугандар Кудайга шүгүр эле жашашат. Документациялар орусча. Мисалы менин айылым орус аралашкан айыл. Ал жерде орустарды абдан сыйлайбыз. Орусияга көчүп кетип жатышса азайып кетти деп кадимкидей кейийбиз.

Баян Кулова, “Жаңы ОРДО”

 

Последние новости