www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы күндөгү саясый лидерлерди камакка алганы, Атамбаев кандай гана болбосун бийлигин колдон чыгарбоо аракети, кандай гана кырдаал болбосун, күч колдонуп келе жатат. Мен президент болом деген саясатчыларды камакка алып, жеке өзү бийлик сүрүүгө аракет жасаганы эмеспи? Анткени башка бирөөгө ишенип бийликтин чылбырын берип койсо, ишенич барбы?, -  деген суроо туулат. Себеби өзү чогу пикирлеш, колдоп келген саясатчыларды баарын камоого үлгүрдү. Бул ачуу чындык.

Көрсө ошо пикирлешин ошондо эле алдап жүргөнүн эми билинип жатат. Болбосо ошондо эле бул кокуй турбайбы деп жанына жолобойт элек. Эгерде өзү алдаган сыяктуу, адамгерчиликтин четинен чыгарын билсе, анда Атамбаев кимге ишеним артат. Бийликтин чылбырын бирөөгө кармата берсе, өтө  коркунучту, анын үстүнө  Кыргыз менталитети бийликке жетери менен ошол замат 180 градус бурулары бышык, баягы ишенген кожосу кайра өзүнө каршы кадам жасап койсо кантет.

Себеби Атамбаев бир далай мыйзам чегинен чыгып кетти, Ошондуктан бийликке келген ишенген кожосу, оппозицияга карама каршылыкка туруштук бере алабы? Анткени мындан ары саясый каршылык курчуй берет. Албетте бир күнү ишенген адамы  урдум ушунун азабын деп туруп мыйзам чегинде, жооп берсин деп койсо Атамбаев кантет. Прокуратура, сот, күч органы Атамбаевдын буйругун аткарып бир далай мыйзам бузуга барышты, ошондуктан булар бийликти кандай кана кыйынчылык болбосун, бийликте калууга аракет кылышат. Себеби  бийлик кетээри менен Индира Жолдубаеваны, Абдил Сегизбаевди жана аларга түрткү бергендерге юридикалык жоопко тартылат. Же мамлекеттен качып кетүүгө туура келет. Оппозиция күчтөрү мындан ары кечирүүгө жана култ этип акча алууга жол бербейт, анткени мындай кубулуштун аягы кайра өзүлөрүнө тийип каларын көрүштү.

Мурун деле саясый куугунтукка кабылгандар Ф. Кулов, И. Кадырбеков, А Жекшенкулов, биз кечирдик деп чыгышкан. Такталбаган маалымат боюнча акча алып алышкан деп жүрүшөт. Эми мындан ары андай болбойт деди саясый ишмер  Р. Жээнбеков, акча алдырбайбыз баарын мыйзам жообуна тартырабыз деп бардык чогулушта айтып келе жатат.

Атамбаев барын билип турат, эгерде бийликтен кетип кала турган болсо, кийинкилер  аябай сокку урарын. Себеби жаңы эле салынган Хан сарайын Өкмөткө өткөзүп бала бакча кылып койсо убал эле болот - ко.  Ушундай кырдаалды  түшүнгөн Атамбаев бийлик кетпес амалды издеп, бир чети экономикалык кризисти унуткарыш үчүн элди алаксытуу таризинде саясатчыларды камап убакыт өткөрүүдө.

Элди алаксытып туруп бийликтин чылбырын кармап калуу максатта. Болбосо кылмышкер Батукаев, Дача СУУ авия кырсыктагы жүктүн сыры, Ө. Текебаевди, Садыр Жапаровдун балдарын бир туугандарын камакка алуу, ири кылмыштын башаты. Эми Атамбаев бийликке турганда,буларды жалган кылмыш токуп камактан чыгарбайт.

Укук коргоочу Качкынбек Булатов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости