www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дагестандык көзү ачык, ТНТ каналындагы “Экстрасенстер таймашынын” эки жолку жеңүүчүсү Зулия Раджабова эсил кайран СССРдин курамындагы өлкөлөрдүн жакынкы аралыктагы саясый абалы тууралуу жоромолун айтып чыкты. Экстрасенстин айтымы боюнча, СССР курамындагы үч өлкөдө мамлекеттик чоң бурулуштар жана жана мамлекет башчыларынын алмашуусу күтүлүүдө.

Быйыл СССР курамындагы өлкөлөрдө көп өзгөрүүлөр болот. Анын ичинен үч өлкөнүн өлкө башчыларын белгилесек болот. Эки өлкө башчысы зордук-зомбулук менен өлтүрүлөт. Бир өлкө башчысы өлкөсүн таштап качып кетүүгө туура келет. Ага дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө өтө коркунучтуу кылмышкер катары мамиле кылат. Ошондуктан эч ким аны менен кандайдыр бир иш жүргүзүү үчүн макулдук бере албайт. Мамлекеттин бул мурдагы башчысынын да өмүрү кыска болуп, бир нече кол салуулардан соң каза табат.

Бул өлкөлөр СССР курамындагы кайсы өлкөлөр экенин Зулия Раджабова тактаган жок. “Адамдар өздөрү күбө болот. 2017-жылда жашап жатабыз. Бул окуялардын болушуна саналуу эле күндөр калды” дейт. “2017-жылы бир доордун акыр заманы болот. Өзүнчө бир доор аяктайт. Бул өлүмдөр, өзгөрүүлөрдүн баары жакшы жакка өзгөрүү үчүн. Бул өлкөлөрдүн баарында жакшы өзгөрүүлөр күтүлөт” деп белгилейт.

Айтымчынын бул жоромолун уккан адамдардын баары өз алдынча талдоо жүргүзүп, баш катырып турган кез. Эмнеси болсо да өлкө башчылары карапайым калкка жакын болуп, баардык жерде тынчтык, бейпилдик болсо деген тилектебиз.

Зулия Раджабова тууралуу маалымат

Зулия азыр 31 жашта. ТНТ каналынын “Экстрасенстер таймашынын” эки жолку жеңүүчүсү. Бейрасмий маалыматы боюнча, ал клиникалык өлүмгө үч ирет дуушар болгон. Бул сыноолордон соң анын айтымчылык дарамети да күч алган. Зулия бала кезинен эле сезимтал кыз болуп, көп ийгиликтерди жараткан. Анын жетинчи сезими бала кезде эле ойгонгон. Бирок, кыз кичинекей болуп корккондуктан, Жараткан берген сыйкырды көпкө дейре колдоно алган эмес. Ал эки ирет “Экстрасентер таймашынан” жеңгенден кийин жоон топ күйөрмандары пайда болгон.

Булак: Азия Ньюс

 

 

Последние новости