www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Неге Акаевге боор тартабыз?

Ак үйдүн ыптасына кирип алып, элдин эмес жалаң өзүнүн келечегине кам көргөн ак жакалуулардын жоруктарына ичи сыйрылган карапайым калк кимди бооруна тартып арманын айткысы келерин кыйналбай эле сезүүгө болот. Баары эле “кылычын” жалаңдатып үркүтүп турса айла жоктон бирөө-жарымга эл ыктайт экен да? Бекер жерден Жанарды башкалардан таза дегенибиз жок да? Кээде таамай айткан сөзү менен жүрөккө жылуулук берип салган менен анда деле чийки жерлер бар. Укмуштай болуп эзилип бышып калды дегендин өзү туура эмес.

Шатыра-шатман алагүү болгондордун шарапаты менен Кара-Суудагы “атактуу адамдын” салтанатына катышып алган Жанар деле пенде турбайбы деген баа-барк берилип да кетти. Анысын Акаев моюндады, капыстан “үйүргө” кошулуп алганына өкүнгөнүн билдиримиш болду. Шайлоодо электорат болгон жалаң төштөр албетте, андай жоругун тескери кабылдады. 

Тилекке каршы акактай таза, камчыны тайманбай жемкорлордун чокусуна чапкан  элдик уулдар жок болсо аргасыздан бираз кемчилиги бар Жанарга боор тартпаганда кантебиз? Ошондуктан жөн эле жерден омурткасы азырынча ката элек уулубузду тепкилей бербейли. Ошонун барына шүгүр деп туралы...

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости